Диагностика — оорунун белгилерин изилдөө жана ага диагноз коюу ыкмалары, принциптери жөнүндөгү медициналык илимдин бөлүмү; ооруну таанып-билүү, ага диагноз коюу. Д. оорулууну ар тараптан системалуу түрдө изилдөөгө негизделген. Ал изилдөөлөргө анамнез чогултуу; ооруган жерди кармап (к. Пальпация), каккылап (к. Перкуссия) көрүү, тыңшоо (к. Аускультация), көздү, кулакты, муундардын кыймылын, рефлекстерди жана башка текшерүү; лабор-ялык текшерүүнүн (кан, заара, какырык жана башка) жыйынтыгын изилдөө; рентгендик изилдөө, кардиография, сфигмография), электрокардиография, электроэнцефалография, эндоскопия, биопсия жана башка кирет. Жугуштуу жана аллергиялык ооруларды аныктоодо серологиялык жана бактериологиялык ыкмалардын мааниси зор. Диагноздун туура, убагында коюлушу натыйжалуу дарылоого, оорулуунун тез сакайышына мүмкүндүк берет. Патологоанатомиялык Д. (өлгөндөн кийин) өлүктү союп көрүп, ткандарды химиялык жана микроскопиялык жол менен изилдейт. Тирүү кезиндеги изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен салыштырып, диагноздун туура же туура эмес коюлганын аныктайт; сан.-медициналык практикада кенен колдонулат.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8