Дизель электр станциясы – дизель кыймылдаткычтары аркылуу айландырылуучу бир же бир нече генератор менен жабдылган энергетикалык курулма. Дизель электр станциясы туруктуу жана көчмө болуп бөлүнөт. Туруктуу дизель электр станциясына кубаттуулугу 110–2200 кВт жана андан көп болгон төрт тактылуу (кээде эки тактылуу) дизель кыймылдаткычтары орнотулуп, негизинен синхрондук генераторлор менен жабдылат. Мындай станциялар электр тармактарынан алыс суу жана жылуулук станцияларын курууга мүмкүндүк жок жерлерде пайдаланылат. Көчмө дизель электр станциясы айыл чарба, токой, өнөр жай жана геологиялык чалгындоо экспедициясында негизги (же авариялык) ток булагы, ал эми транспортто негизги энергетикалык курулма катары колдонулат. Дизель электр станциясынын артыкчылыгы – үнөмдүү, туруктуу иштейт, бат жана жеңил от алат; кемчилиги–капиталдык ремонтко чейинки иштөө мөөнөтү аз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1