Диктиокаулёздор (Dictyocauloses) – малдын гельминтоз ылаңы. Өтө таралган ылаң. Козгогучунун бир канча түрлөрү бар. Dictyocaulus аilaria кой, эчки, төө жана кээ бир жапайы жаныбарларды; D. viviparus бодону; D. eckerti түндүк бугусу, марал, элик, багышты; D. arnаieldi жылкы, качыр, эшек, зебраны ылаңдатат. Кыргызстандын шартында ылаң көбүнчө бир жашка чейинки козу-улакта, кээде башка малда кездешип, январь–апрель жана август–сентябрь айларында байкалат. Козгогучтар малдын кекиртегинде жана бронхунда мителик кылат. Жыныстык жактан жетилген ургаачы курт бронхко көптөгөн жумурткача таштайт. Мал жөткүргөндө, алар какырык менен оозуна келип, мал жутуп алат. Ичеги-карынга жеткен личинкалар эки сапар түлөгөндөн кийин малдын заңы менен сыртка чыгып, жайытты, суу ичүүчү жайларды булгайт. Сыртка бөлүнгөндөн кийин температура (20–25°) жана ным жетиштүү болсо, 6–7 суткадан кийин малга кайра жугууга жөндөмдүү болот. Малга ылаң биринчи жуккан күндөрү алар жем-чөп жебей, жалпы абалы начарлайт, чычкакташы мүмкүн. Көп убакыт өтпөй мал оңолуп кетет, бирок 2–3 жумадан кийин кайрадан жөткүрүп, чүчкүрүп-бышкырып, мурдунан илээшкек суюктук куюлат. Жөткүргөндө ооруксунат, демигет, ичи өтөт, көпчүлүк учурда температурасы көтөрүлөт. Мите курт өтө көбөйүп кетсе, мал тез арыктап, бронхтору толук бөгөлүп, өлүмгө учурайт. Мите аз учурда, ылаң создугуп өтөт. Мындай малдын жалпы абалы акырындап начарлайт, арыктайт. Бодо малга жана майда жандыктарга бирдей эле дарылар колдонулат. Нилверм, 20%түү тетрамизол гранулят, фенбендазол (панакур), фебантел (ринтал), дитразин цитрат жана башкаларды пайдаланса болот. Диктиокаулёздорду жоюу максатында ылаң кездешүүчү чарбада бардык кой-эчки, торпок менен музоолорду гельминт сиздөө керек. Ылаңды алдын алуу үчүн малды нымдуу жерге жайбоо, саз жана көлчүктөгү суу менен сугарбоо керек.

Dictyocaulus viviparus.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1