Димов Димитр (25. 6. 1909-1. 4. 1966) - болгар жазуучусу, Болгариянын маданиятка эмгек социалисттик ишмери (1963), анатомиянын проф. (1953).

1946-жылдан БКП мүчөсү. 1938-ж. «Поручик Бенц» романын жарыялаган. «Айып- талгандар» (1945) аттуу антифаш. романы менен чебер психол. анализчи катары таанылган. «Тамеки» (1951; Димитров сыйл., 1952) эпопея романы болгар элинин боштондук күрөшүн, социалисттик революция болор алдындагы бийлик башындагылардын идеялык жана моралдык жактан кыйрагандыгын көрсөткөн.

Димовдун романдарына психологиялыкк талдоо мүнөздүү. «Айыпкер» (1961), «Арко Йристеги тыныгуу» (1963) пьесаларынын жана анатомия боюнча эмгектердин автору.

Анын айрым чыгармалары («Айыпталгандар» 1963, «Тамеки» 1969) орус тилине которулган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.