Кыргызстандагы диний ишенимдери

Диний Ишенимдери‎»‎ барагынан багытталды)

Ислам жана Кыргызстанда патриархалдык феодал-дүйнөлүк диндер мамилелердин дээрлик үстөмдүк кылып келиши элдин рухий турмушунда диндин маанилуу орунду ээлешине себеп болгон. Кыргыздардын официалдуу дини ислам болуп эсептелсе да, ал элдин диний түшүнүктөрүнүн толук мазмунун түзгөн эмес. Анын үстүнө мусулманчылык менен катарлаш диндин алгачкы формаларынын калдыктары да кыйла даражада сакталып келген. Азыркы Кыргызстандын аймагында исламдын таралышы IX - XII кк. таандык. Кыргыздарды мусулмандаштыруу жөнүндөгү кененирээк тарыхый маалыматтар XVI к. жазылган «Тарих-и Рашиди», «Мажму ат- таварих», «Жалис жана Муштадин», «Зийа ал Кулуб» ж. б. эмгектерде кездешет. Кыргыздар алгачкы диний ишенимдерин XVI к. чейин гана эмес, андан кийин да узак убакыттарга чейин карманып келишкен. Осмон түрктөрүнөн чыккан Сейфи (XVI к.) кыргыздарды «мусулман да, капыр да болгон эмес» деп жазган. Махмуд ибн Вели XVII к. (XVII к.) кыргыздарды капырлар деп атап «алар ... өлкөгө езбектердин келиши менен мусулман болуп калышы ыктымал» деген. XVII к. тенир-тоолук кыргыздарга жунгарлардын бир катар кол салууларынын мезгилинде кыргыздардын бир бөлүгү мусулман калкы жашаган Фергана өрөөнүнө жана ага тутумдаш тоолуу райондорго оошуп отуруктшуусуна байланыштуу мусулман дини кыргыздарга кенири тарала баштаган. Жаңы чөйрөдө кыргыздар жаңы динди да тез кабыл ала баштайт. Бирок Жунгар хандыгы кулагандан кийин кыргыздар мурдагы жашаган жерлерине кайтып келиши менен мусулмандашуу процесси кайрадан солгундаган. Кыргыздардын арасында ислам дининин өтө кенири таралышы Кокон хандыгынын учуруна туура келет. Анткени, динди таратуу Кокон башкаруучуларынын саясатынын бир багыты болгон. Кыргызстандын аймагындагы стратегиялык мааниси бар жайларда чептер курулуп, мечиттер салынып, кокондук молдолор мечиттерди тейлей баштаган. Бирок кыргыздардын диний турмушунда мечиттин ролу чектелген абалда болду. Анткени, мечиттер көбүнчө чеп ичинде курулуп, ал эми кыргыздар болсо алардан оолагыраак кечуп журууге аракет кылышкан Ошого карабастан XIX к. кыргыздар маңызын терен түшүнбөсө да, исламдын негизги ырым-жырымдарын өздөштүрө баштаган. Ислам үгүтчүлөрү кыргыз айылдарында күнүнө беш убак окулуучу намазды үйрөтүп, айрыкча исламдын мистикалык агымынын (суфизм) өкүлдөрү - эшендердин аракеттери Кыргызстандын туштук райондорунда өзгөчө күчтүү болуп, Чуй өрөөнүнө чейин жайылтылган. Эшендер өздөрү мюриддерди (суфизмдин жактоочуларын) курап, калктан зекет (мал, мулк) чогултушкан.
Ислам динин биринчилерден болуп манап, баи жана башка башкаруучу таптын екулдеру кабыл алышып, андан кийин букараларга жайыл¬тылган. Ошентип, мусулмандаштыруу процесси узакка созулуп татаал кырдаалдарда ишке ашырган. Жаны дин элге тушунуксуз болгондуктан, анын эзилген катмары дин тебелдерун Кокон хандыгынын жактоочулары катары карап, аларга карата кастык мамиледе болушкан.