Дин жана саясат

Кыргыз Республикасынын Дин иштер комиссиясы тарабынан 19 диний уюмга өлкөбүздө иш алып барууга тыюу салынган. Бул уюмдар Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө жана калкыбызга кооптуу деп табылган. Булардын көпчүлүгү Халифат же Ислам Республикасын курабыз дегендер. Дин жана саясат тууралуу айтуудан мурун дин деген эмне жана саясат Исламда кандай түшүнүлөт, муну тактап алалы.

Дин жок жерде улуу адеп-ахлак тууралуу сөз козгоо мүмкүн эмес жана бактылуулук тууралуу айтуу кыйын. Себеби, адеп ахлактагы улуу сыпаттардын башаты – адамдын дили. Пенденин дилине өкүм жүргүзө турган жападан жалгыз нерсе – Алла менен болгон байланыш, дин.

Дин жакшы кулк-мүнөзгө ээ кылган берекелүү мектеп. Бул ыйык мектептин окуучулары эмгектеген баладан, эңкейген карыга чейинки бардык адамдар. Бул мектепке кирген адамдардын баары эртеби-кечпи бейпилдикке, коопсуздукка жетет. Сыртта калгандар акырындык менен бардык нерседен айрылат.

Саясат – Улуу Жараткандын жана адамдардын ыразычылыгына ылайык башкаруу өнөрү. Өкмөттөр күч-кубаты менен элин жамандыктардан, адилеттүүлүгү менен зулумдан коргогонуна жараша саясатта ийгиликке жетет жана келечектүү болот. Эгер бул тескерисинче болсо, бат эле кыйроого учурап, элдин каргышына калат.

Саясат – бүгүндү эртең менен, эртеңди кийинки күн менен бирге кароо жана элдин маданий, экономикалык өнүгүүсүнө жол көргөзүп жана шарт түзүп берүү сыяктуу кеңири түшүнүк.

Пайгамбарыбыз Мухаммад жана анын орун басарлары Абу Бакир, Умар, Осмон, Али, мамлекетти башкарууда, саясат жүргүзүүдө кандай үлгү калтырышкан. Бир аз көз чаптырып, азыркы биздин мамлекетибизден кандай айырмасы бар экенин көрөлү.

Республикабы же Халифатпы?

Мамлекет – жарандарынын шайлоо жана кеңеш берүү укугу бар башкаруу. Эркиндиктин энеси жана тарбиячысы сыяктуу. Ал эркиндикти сүйгөн муундарды багып чоңойтот.

Кыргыз Республикасын, Кыргыз Ислам Республикасы же халифат деп өзгөртүп койсо кыргызстандыктардын жашоосу жакшырып кетеби? Мамлекеттин атын өзгөртүү менен элдин жашоо шарты жакшырып кетпейт. Эгер мамлекеттин атын өзгөртүү менен жыргагандар болсо анда Иран же Пакистан аталыштарына “ислам” деген сөздү киргизери менен жыргап жашап калышмак.

Азыр Иранда 14 миллиондон ашык киши кедей, 18 миллиондон ашык киши сабатсыз. Ал эми Пакистанда 42 миллиондон ашык киши кедей, 85 миллиондон ашык киши сабатсыз. Бул өлкөлөрдө кылмыштуулук көп. Демек ысым өзгөртүү менен эл бакубат жашоого жетпейт. Ал эми Халифат десек эл жыргап калабы? Албетте жок, эгер жыргаса анда тарыхта мароиорорнеггрдшмлекетин “халифат” атаган элдер чилдей тарап, жок болуп кетпейт эле да.

Халифат деген эмне? Халифат деген сөздү кыргызчага которгондо “орун басар” дегенди билдирет. Халифат кайдан чыкты? Пайгамбарыбыз бул дүйнө менен кош айтышкандан кийин ордуна пайгамбарлык тарбияны эң жакшы өздөштүргөн Абу Бакир келет. Азирети Абу Бакирге “халифул расулаллах” деп кайрылышкан. Мааниси – Алланын элчисинин орун басары. Ал эми Азирети Абу Бакирден кийин Азирети Умар келген. Аны “халифул халифул расулаллах” – “Алланын элчисинин орун басарынын орун басары” деген узун болгондуктан “амирул муминин” –“момундардын амири” деп кайрылышкан. Азирети Осмонго жана Азирети Алиге да ушинтип кайрылышкан. Халифалар тактап айтканда орун басарлар деп, Пайгамбарыбыздын орун басарларына колдонулуп келет, бирок мамлекет же мамлекеттик түзүмгө эмес.

Пайгамбарыбыз жана кийинки төрт сахаба “биз Халифатпыз”, “Халифат курдук”, же “Халифатты башкарып жатабыз” дешкен эмес.

Азирети Абу Бакирге “Алланын орун басары” деп кайрылышканда ачуусу келип “Мени Алланын орун басары дебегиле, мен Алланын элчисинин орун басарымын” деген. Азирети Алини өлтүрүп бийликти тартып алган Амавилер өздөрүн “биз Алланын халифибиз” (Алланын орун басарыбыз) деп өздөрүнө ыйыктык ыйгарып алышкан.

Пайгамбарыбыз жетектеген мамлекет “Халифат” же “Ислам мамлекети”, же “мусулмандардын мамлекети” деп аталган эмес, “Мадина мамлекети” деп аталган. “Мадина” деген сөз кыргызча “шаар” дегенди билдирет. Демек мамлекетти Халифат же Ислам мамлекети деп атаган сүннөт эмес.

Пайгамбарыбыздын учурунда Мадинада мусулмандар, жөөттөр, христиандар, мушриктер (бутпарастар), мунафыктар (эки жүздүүлөр) чогу жашашкан. Демек, биз дагы Кыргызстанда мусулмандар, христиандар жана башкалар менен чогу бир мамлекетте, бир шаарда, бир айылда ынтымакта жашашыбыз керек. Бул пайгамбарыбыздын сүннөтү.

Конституциябы же Куранбы?

Конституциянын ордуна баш мыйзам катары Куранды алып келсек мамлекетибиз өнүгүп өсөбү? Алгач Куран жана Конституция деген эмне түшүнүп алалы.

Куран – адамзаттын жүрөгүн, руханий дүйнөсүн, акыл-оюн, аң-сезими менен напсисин эске алган  Жаратканынан келген эскертүүлөр менен эрежелердин топтому. Адам баласынын руханий-материалдык тең салмактуу өнүгүшүнө шарт түзгөн негиздер.

Бүгүн бир миллиарддан ашык адам ээрчиген Куран Карим – Өзүнө баш ийген адамга Улуу Тарбиячысынын сыпаттары жана ысымдары менен тааныштырган теңдешсиз нуска.

Конституция (лат. constitutio – орнотуу, түзүлүш) –адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жарыялаган жана кепилдеген, материалдык мааниде жазылган актылардын же салттардын жыйындысы. Ошо менен бирге коомдук түзүлүштүн негиздерин, аймактык түзүлүшүн жана башкаруу таризин, бийликтин жергиликтүү жана борбордук органдарын уюштуруунун тартибин, алардын компетенциясын жана өз ара мамилелерин, мамлекеттик символикасын жана борборун аныктайт; формалдуу мааниде жогорку юридикалык күчкө ээ мыйзам же мыйзамдардын тобу.

Куранды баш мыйзам кылуу менен мамлекет өнүгүп кетпейт. Анткени Куран биз түшүнгөн формалдуу мыйзам эмес, анын талаптары элдин жүрөгүнө жана аң-сезимине жайгашканда гана мамлекет менен эл өнүгөт.

Эгер баш мыйзамды Куран кылганда мамлекет өнүгүп, эл жыргаса анда азыр Сауд Арабия Королдугу дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөсү, эли дүйнөнүн эң бактылуу эли болмок. Азыр Сауд султаны, үй-бүлөсү жана туугандары чириген бай. Бирок элинин 3 миллиондон ашыгы ишсиз. Калкынын 1.4 миллиондон ашыгы сабатсыз. Эгер Куран баш мыйзам болоору менен эл ыймандуу, такыба болуп кала турган болсо Сауд Аравиянын жарандары адеп-ахлактын жана Кудайдан коркуунун үлгүсү болмок.

Азирети Айша энебизге “Пайгамбарыбыздын адеп-ахлагын айтып берчи” дешкенде, Айша энебиз: “Силер Куран окубайсыңарбы? Ал тирүү Куран болчу.” деп жооп берген. Тактап айтканда Куранда эмне тыюу салынса, аны кылган эмес, Куран эмнеге үндөсө ошону кылган. Биз дагы Пайгамбарыбыз сыяктуу тирүү Куран болгонго аракет кылышыбыз керек.

Пайгамбарыбыз башкарган мамлекетин баш мыйзамы Куран беле же Конституция беле?

Пайгамбарыбыз Мухаммад Мадинага 622-жылы хижрат кылганда, Меккеден көчүп баргандардын жетекчилери, Мадинадакы Авс жана Хазраж урууларынын жетекчилери жана жөөттөрдүн эки уруусунун жетекчилери чогулуп, “Мадина Васикасы” деген келишим түзүшөт. Анда укуктарын жана милдеттерин тактап, жазып алышкан. Мисалы, жөөттөр өзүнүн динин жашоого укуктуу. Бутпарастар өздөрү билгендей жашоого укуктуу. Пайгамбарыбыз жөөттөрдү же бутпарасттарды “Куранга баш ийгиле” деп кыйнаган эмес. Эгер тышкы душмандар Мадинага кол сала турган болсо, мусулмандар, жөөттөр жана мушриктер чогу шаарды коргошот деп келишим түзүшкөн. Мындан сырткары дагы көптөгөн нерселерди камтыган бул келишим, азыркы тил менен айтканда конституция болгон.

Эң биринчи жолу конституция менен, тактап айтканда жалпы кеңешип кабыл алынган келишим менен мамлекет башкарган бул Пайгамбарыбыз Мухаммад болгон. Ошол учурда Египеттин фараону жана Римдин Цезары “мен Кудаймын” деп, Персиянын Кисрасы “менин канымда кудайдын каны айланып жүрөт” деген жалганга таянып элин эзип келишкен.

Жетекчилик мураспы же эл чечимиби?

Пайгамбарыбыз Мухаммад мамлекет жетекчилигине күч менен келген эмес. “Мени Мадинанын башчысы кылгыла” деп айткан да эмес. Мадина Васикасына кол койгондор Пайгамбарыбызды “башчыбыз бол” деп шайлап алышкан.

Пайгамбарыбыз каза болгондон кийин Азирети Абу Бакирди дагы эл шайлап алган. Шайлап коюшкандан кийин гана Абу Бакирге “Сени башчыбыз кылып шайладык” деп угузушкан. Башчы кылып шайлагандан кийин бардык мусулмандар (аялдар да, эркектер да) келип мен “сени жетекчим катары кабыл алдым” деп ант беришкен. Азирети Умар, Азирети Осмон жана Азирети Алини да ушинтип шайлап алышкан.

Байкасаңыздар бийлик атадан балага өткөн эмес. Пайгамбарыбыз ордун күйөө баласы же кызына калтырган эмес, Азирети Абу Бакир да өзүнүн ордуна уулун калтырган эмес. Азирети Умар, Осмон, Али да уулдарын бийлике чыгарган эмес.

Азирети Алини өлтүрүлүп Амави султандыгы курулгандан кийин. Өздөрүн “биз Алланын халифибиз” дегендердин учурунда, жогорку жетекчи шайланбай, бийлик атадан балага өтө баштаган.

Демек күч колдонуп бийлик алуу жана аны урпактарына мурастоо Пайгамбарыбыз жана орун басарларынын жолу эмес.

Бийлике эл өкүлдөрүнүн шайлоосу аркылуу келүү, бул сүннөт. Эл дагы шайлоого барып, өзүнө жетекчи шайлап алуу бул, сахабалардын көргөзүп кеткен жолу.

Авторитардыкпы же кеңешби?

Акылдашып, кеңешүү – туура чечим чыгаруунун негизги шарты. Бир маселе тууралуу жети өлчөп бир кеспестен, башкалардын сынынан өткөрбөстөн чыгарган чечимдер көп учурда жоготуу жана жеңилүү менен аяктайт.

Пайгамбарыбыз Мухаммад, чечим кабыл аларда ар дайым истишара кеңеш кылган. Ал кеңешпестен өкүм чыгарып, буйрук берген эмес. Кеңешип, кеңештин чечимин буюрган.

Кеңешке кимдер катышчу? Кеңешке ким кааласа же ошол жерде ким болсо ошолор катышышкан. Кеңешке кээде он-он беш, кээде жүз-жүз элүү же андан да көп кишилер катышкан. Ар ким өз оюн айткан. Каралган маселе талкуудан өткөн соң чечимдер чыккан. Демек мамлекетти кеңешип башкаруу бул сүннөт.

Азыркы Парламенттик башкаруу исламдык принциптерге каршы келбейт. Ал эми авторитардык же тоталитардык башкаруу Исламдын принциптерине каршы келет, анткени Пайгамбарыбыз эч качан жалгыз гана өзүнүн пикири менен мамлекет башкарган эмес.

Демек...

Демек азыр дүйнөдө ызы чуу чыгарып “ислам мамлекети, халифат орнотобуз, эл конституция менен эмес Куран менен башкарылыш керек” деген жаштар да, жетекчиликти мурастап, эли менен кеңешпеген Жакынкы Чыгыштын төбөлдөрү да Куран менен Пайгамбарыбыз Мухаммаддын принциптеринен алыс калганы кашкайып көрүнүп калды. Эки тарап тең исламды жеке, төмөн саясый кызыкчылыктар үчүн пайдаланууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү