Дисбактериозорганизмдеги микрофлоранын түрдүк составы менен сандык катышынын өзгөрүшү.
Кадимки микрофлораны түзүүчү микроорганизмдердин саны азайып же такыр жок болуп, ага мүнөздүү эмес микробдордун өөрчүшү менен мүнөздөлөт. Көбүнчө начар төрөлгөн балдарда түрдүү оорудан (анемия, гипотрофия, авитаминоз жана башка) кийин организмдин ооруга каршы туруктуулугу начарлаганда жана антибиотиктерди ашкере колдонуудан пайда болот. Ашкере колдонулган антибиотиктер оору чакыруучу микробдорду гана жок кылбастан, организмге пайдалуу микробдорго зыян келтирет. Көпкө дарыланууда организмдин ооруга туруштук берүүсү начарлайт, дарылардын таасирине туруктуу микробдун саны көбөйөт. Анын натыйжасында организмге пайдалуу микробдорго караганда оору микробдун саны көбөйөт да, ал адамдын эски оорусун күчөтүп, башка оорунун чыгышына себеп болот.

Алдын алуу түзөтүү

Дисбактериоздун алдын алуу үчүн дарыны врачтын көрсөтмөсү боюнча гана пайдалануу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8