Дисконт (англ. discount , итал. sconto – жеңилдик) – 1) кагаздын учурдагы баасы менен аны жоюу учурундагы же номиналдык баасынын ортосундагы айырма; каржы каражатын (м.; векселди) аны жоюуга чейин номиналдык баасынан арзан баада сатып алуу; 2) валютанын форварддык баасы менен токтоосуз алып келүүдөгү баасынын ортосундагы айырма; 3) аркыл мөөнөттө алынып келинген бир эле товардын бааларынын ортосундагы айырма; 4) келишимде айтылган сапатка дал келбегендигинин натыйжасында товардын баасын төмөндөтүү; 5) валютанын ырасмий курсунун азаюусу; 6) векселди эсепке алууда банктар тарабынан алынуучу үстөк пайыз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү