Дискурсивдүү билим (лат. discursus – ой чабыттатуу) – мурдагы тажрыйбанын негизинде акыл-эске талдоолордун жыйынтыгынан алынган билим; акыл-эс менен өтмө катар, темирдей бекем ырааттуу талдоого алуу процесси; анда улам соңку ой корутундусу мурдагыдан агылып келип, кийинкисин да шарттап кетет.

Изилдөөчү жекече фактыларды үйрөнүүдөн кадамдап отуруп индуктивдүү ой жүгүртүүнүн жыйынтыгы катары жалпылаштырылган корутунду чыгаргандыгы – Дискурсивдүү билимдин мисалы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8