Дислокалдуулук - жубайлардын айрым (ар бири өз тобунда), бөлүнүп жашоосу. Айрым окумуштуулардын пикиринде дислокалдуулук никелешкендердин жайгашуусунун өзгөчө формасы. Башка илим адамдарынын ойлору боюнча ал матрилокалдуулуктан патрилокалдуулукка өтөр мезгилде пайда болот жана Азиянын, Океяниянын, Африканын ж.б. бир катар элдерине кеңири тараган. Дислокалдуулуктун калдык формалары катары төмөнкүлөрдү эсептешет: көп элдерде эркектердин өз алдынча үйлөрүндө жашоосу; күйөөнүн өзүнчө, аял менен балдардын өзүнчө үйү болушу; никелешкенден кийинки мезгилде жубайлардын айрым жашоосу ж.б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү