Дисменорея
Дисменорея — этек кир циклинин бузулушу.
Анда ичтин ылдый жагы, бел ооруйт, шакый кармап, жүрөк тез-тез кагат, кустурат, ич өтүп, уйку бузулат.
Биринчилик дисменорея
түзөтүүБиринчилик дисменорея менен төрөбөгөн аялдар, кыздар ооруйт. Бул дисменорея көбүнчө жыныстык турмуш калыбына келгенде же төрөттөн кийин жоголот.
Экинчилик дисменорея
түзөтүүЭкинчилик дисменорея аялдын жыныс органдарында сезгенүү ооруларынын, шишиктердин пайда болушунан, ошондой эле биринчи этек кир келип коркуп кеткендиктен, көп убакыт боюна болбогондон жана башка келип чыгат. Дарылоо себебине жараша жүргүзүлөт.
Алдын алуу
түзөтүүАлдын алууда организмди чыңдоо, туура тамактануу, эмгек менен эс алууну айкалыштыруу, жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо чоң мааниге ээ.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|