Дистанция (лат. distantia – аралык) – 1) кыймылдагы нерселердин ортосундагы аралык (Мисалы, дистанцияны сактоо, кыска дистанцияга чуркоо). 2) аскер ишинде аскер кызматкерлеринин, куралдын, машинанын, бөлүктөрдүн, кеменин, самолёттун жана ушундай сыяктуу катарларынын ортосундагы аралык. 3) темир жолдо – темир жол чарбасына кирүүчү тармактык административдик бирдик. Анын төмөнкүдөй түрлөрү болот: жолдук, белги бергич жана байланыш, жарандык курулуш жана башка. Дистанция техникалык каражаттардын иштеп жаткандыгын көзөмөлдөп турат жана алардын өздөрүнө тиешелүү жумуштарын аткарат (жол оңдоо, жүк жүктөө жана башка).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1