Дифиллоботриоздорадамдын жана жаныбарлардын тасма мите курттар пайда кылуучу оорусу.

Организмдин жаралгандан өлгөнгө чейинки мөөнөтү Diphyllobothrium latum.

Оорунун пайда болушу түзөтүү

Курт башындагы жуп жылчыгы менен ичегиге бек жармашып алат. Моюнунан муунакчалар бөлүнүп тургандыктан денеси узара берет. Эң арткы муунактарында жумурткалары өөрчүп, заң менен сыртка чыгат. Жумурткалары сууга түшкөндө 3—5 жумадан кийин личинкага айланат. Алар циклоптун денесинде, андан ары аны менен тамактанган балыктын денесинде өсүп-өөрчүйт.

Оорунун жугушу түзөтүү

Адам менен жаныбарларга (мышык, түлкү жана кээ бир чымчыктар) дифиллоботриоздор оорусу чийки же чала бышырылган балыкты жегенде, булганган сууну ичкенде, булганган буюм аркылуу жугат. Алардын ичегисинде личинкалар жетилип, чоң, узун тасма куртка айланат.

Ооруган адам түзөтүү

Ооруган адамдын жүрөгү айланып кусат, башы, ичи ооруп, ичи өтөт, алсырайт, уйкусу качат, аз кандуулук байкалат. Кээде курт тоголоктошуп ичегини бүтөп калат. Мындай учурда тезинен операция жасоо зарыл. Лабораторияда оорулуунун заңынан дифиллоботриоздордун жумурткаларын тапкандан кийин ооруунун диагнозун туура коюп, врач дарылайт. Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт.

Ооруну алдын алуу түзөтүү

Дифиллоботриоздордун алдын алууда балыкты жакшылап бышырып же кууруп жеш керек. Дарыя суусун жана көлдү булгануудан сактоо, өздүк гигиенага көңүл буруу, оору адамды дарылап айыктыруу зарыл.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8