Дифференциациялап окутуунун ыкмалары

Дифференциациялап окутуунун ыкмалары - Сабакты окуучулардын окуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша дифференциациялаштырып уюштуруунун ар түрдүү ыкмалары бар: мисалы, окуучуларга тапшырманы эки формада (төмөндөөчү кыйындыкта жана жогорулоочу кыйындыкта) сунуш кылуу.

1-формадагы төмөндөөчү кыйындыктагы тапшырма. Бүткүл класска туюнуп-билүү маселесинин бир кыйла татаал варианты (мисалы, формуланы чыгаруу, теореманы далилдөө жана башкалар) сунуш кылынат. Мыкты окуган күчтүү окуучулар тапшырманы өз алдынча чыгарууга киришип эмгектенишет. Бул убакта тапшырманы өз алдынча чыгара албагандар үчүн мугалим маселенин чыгарылыш жолун түшүнүүгө жардам берүүчү жалпы баяндама берет. Натыйжада дагы бир катар окуучулар өз алдынча иштөөгө киришет. Андан кийин да жардамга муктаж болгондорго мугалим дагы бир жолу жалпы көрсөтмө берет. Ошондон кийин да тапшырманы аткарууга кирише албаган болсо, анда мугалим аларга чыгарылыштын рационалдуу планы жазылган карточканы сунуш кылат. Натыйжада бүткүл окуучулар берилген тапшырманын чыгарылышын изденүү процессине катышып эмгектенишет.

2-формадагы жогорулоочу кыйындыктагы тапшырма. Бүткүл класска жеңил аткарылуучу тапшырма сунуш кылынат. Бул тапшырманы баарынан мурда туура аткаргандарга эми мурункудан кыйыныраак тапшырма сунуш кылынат. Бул убакытта мугалим артта калган окуучуларга тиешелүү жардам көрсөтүп, алардын ишин башкарат. Эң акырында, даярдыктары эң мыкты окуучуларга жогорку татаалдыктагы тапшырма берилет.

Сабакта окуучулардын өз алдынча иштөөсүн камсыз кылып жекечелештирүүнүн мындай формаларынын баалуулугу – учурда мугалим тигил же бул окуучунун даярдыгынын деңгээлин атап көрсөтпөйт, ар бир окуучу тапшырманы өз ыктыярынча тандап алат. Бирок, бул үчүн ар бир окуучу өзүнүн окуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылынуучу жумуштун кыйынчылык даражасына ылайыктай билүүсү зарыл. Окутууну дифференциациялоо максатында даярдыктары төмөн болгон окуучулар үчүн жалпы материалды кайталап түшүндүрүү жана ошол эле убакта ошол тема боюнча даярдыктары мыкты окуучулардын өз алдынча эмгектенүүлөрүн татаалдаштыруу ыкмасы колдонулат. Мындай тажрыйбанын мааниси төмөндөгүчө: Сабактын башталышында жаңы материалды бүткүл класс фронталдуу үйрөнөт. Даярдыктары мыкты окуучулар жаңы материалдын мазмунун толук түшүнүп кабылдаган сайын аларга мугалим улам өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар берип коёт (китеп менен иштөө, көнүгүүлөрдү аткаруу жана башкалар) да, өзү жаңы материалды калган окуучулар менен иштеп чыгуусун улантат.

Материалды орто окуган окуучулар да түшүнүп кабыл алгандыгына ишенгенден кийин мугалим аларга да өз алдынча иштөөгө тапшырмалар берип коюп, өзү бул учурда даярдыктары начар окуучулар менен иштөөсүн улантат. Жаңы материалды начар окуучулар да түшүнүп кабыл алышкандан кийин мугалим эми буларга өз алдынча иштөөгө тапшырма берип коёт да, бул учурда ал мыкты жана орто окуган окуучулардын өз алдынча иштеринин натыйжаларын текшерип чыгат. Сабактын аяк ченинде ар бир группадагы окуучулардын өкүлү өзүнүн ишинин натыйжасын окуйт, бул учурда калган окуучулар тигил же бул формада аткарылган жумуштун тууралыгын текшерүүгө катыштырылат. Натыйжада бардык тапшырмалар класстагы бүткүл окуучулар тарабынан иштелип чыгат.

Өлкөбүздүн алдыңкы мектептеринде сабакты дифференциациялап уюштуруунун төмөнкүдөй формалары да кеңири практикаланат:

1. Жаңы материалдын негизги мазмуну 15–20 минута ичинде бүткүл окуучуларга фронталдуу баяндалат. Андан кийин күчтүү окуучуларга же күчтүү жана орто окуучуларга баяндалган материалды сезимдүү түрдө ойлонуп чыгуу жана аны тереңдетүү боюнча өз алдынча иштөөгө тапшырмалар берилет. Бул учурда (8–10 минута) мугалим материалды калган окуучуларга фронталдуу түшүндүрүүсүн улантат. Сабактын андан кийинки этабында мугалим акыркы группадагы окуучуларга өз алдынча иштөөгө тапшырма берет да, өзү бул учурда (8-10) минута биринчи жана экинчи группалардагы окуучулардын өз алдынча иштеринин жыйынтыктарын анализдеп чыгат, аларды өздөштүрүлгөн материалды фронталдуу жалпылоого даярдайт. Андан кийин материал 3-5 минута ичинде фронталдуу жалпыланып бекемделет, бышыкталат, системалаштырылат.

2. Кээде дифференциациялоонун мындай формасы да колдонулат: сабактын башталышында, адегенде 2–3 минута ичинде өтүлө турган темага ылайык жүргүзүлө турган иш боюнча бардык окуучуларга фронталдуу жалпы инструктаж берилет. Андан кийин өтүлө турган жаңы материалды активдүү кабыл алууга даярдануу үчүн мыкты окуган окуучуларга өз алдынча иштөөгө тапшырмалар берилет. Бул учурда (15–20 минута) мугалим орто жана начар окуган окуучулар менен иш жүргүзүп, аларды эми жаңы өтүлүүчү материалды туура түшүнүп кабыл алууга даярдайт, ошентип окуучулардын бардыгы даяр болушкан соң жаңы материал фронталдуу үйрөнүлөт, бул 15–20 минутага созулат. 3) дифференциациялоонун үчүнчү формасында мугалимдин тапшыруусу боюнча даярдыктары мыкты окуучулар жаңы өтүлүүчү материалды үйлөрүнөн өз алдынча даярданышат да, сабактын башталарында алар эле өз алдынча иштешет. Бул учурда мугалим класстагы калган окуучулар менен иш жүргүзүп, жаңы билимдерди алууга аларга жардамдашат (15–20 минута). Андан кийин жаңы материалды тереңдетүү жана бышыктоо боюнча вариантталган тапшырмалар аркылуу өз алдынча иш өткөрүлөт (15–20 минута). Эң акырында өтүлгөн материал фронталдуу түрдө жалпыланат да, варианттар боюнча үйгө тапшырмалар берилет.

Эң күчтүү окуучуларга дилбаяндын темасы гана берилет; андан кийинки группадагы окуучуларга дилбаяндын темасы жана планы кошо берилет; андан кийинки группадагы окуучуларга дилбаяндын темасы, планы жана таяныч тексттер жана кээ бир сүрөттөр кошо берилет жана башка.

Кыскасы, окуучулар өздөрүнүн окуу мүмкүнчүлүктөрүнө (окуй алуу), жөндөмдүүлүктөрүнө жараша программалык ар бир теманы ар түрдүү деңгээлде, ар түрдүү көлөмдө окуп үйрөнө алат:

1. Күчтүү окуучулар окуу китебинен башка да кошумча илимий-популярдуу адабияттардан пайдаланышат, демек, алар берилген тема боюнча билимдерин өз алдынча тереңдетишет.

2. Башкалары окуу китептеринен жана андан тышкары дагы башка окуу колдонмолорунан пайдаланышат, демек, алар берилген тема боюнча билимдерин өз алдынча бир кыйла даражада кеңейтишет.

3. Үчүнчүлөрү жалаң окуу китебинен пайдалануу менен гана чектелишет, демек, алар берилген тема боюнча минималдуу милдеттүү болгон билимди алуу менен гана чектелишет, аны өз алдынча тереңдете да, кеңейте да алышпайт.

4. Төртүнчүлөрү класста угуп көргөндөрү менен гана чектелишет, алар окуу китебин да талаптагыдай окуп пайдаланышпайт, демек, алардын берилген тема боюнча билинер-билинбес гана түшүнүгү болот. Мунун өзү ар бир тема боюнча тапшырмаларды түрдүү группадагы окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыктап камдап алып, окутууну алардын ар бири сөзсүз эмгектенгидей түрдө уюштуруп өткөрүүнү зарыл түрдө талап кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,