Диярбакырдагы жардыруу (2016)

Түркиянын Диярбакыр шаарындагы жардыруу - 10-майда орун алган жардыруудан 45 адам жаракат алып, 3 адам каза тапкан. Ар түрдүү жаракаттарды алган 45 адамдын ичинен 12си полиция кызматкерлери, калган 33ү шаар тургундары болгон. Айрым маалыматтарда жаракат алгандардын арасында кичинекей бала да болгон "Диярбакыр шаарынын Баглар аймагында жардыруу 10 май түштөн кийин орун алган. Жардыруу полиция кызматкерлери Күрдстан жумушчулар партиясынын кармалган мүчөлөрүн медициналык кароодон өткөрүү үчүн алып бараткан учурда болгон. Унаанын ичинде полициянын 9 кызматкери жана кармалган 7 киши болгондугу такталган.

Түркиянын Диярбакыр шаарындагы жардыруу
Чабуул болгон жер

 Түркия, Диярбакыр
34°33′19″ с. ш. 69°12′27″ в. д.HGЯO

Датасы

10 Май 2016 жыл
4:30

Куралдары

Жардыруучу заттар

Каза болгондор

3+

Жаракат алгандар

45+