Түркия

Батыш Азия жана Түштүк Европадагы мамлекет

Түркия (түрк. Türkiye - Түркие), расмий аты Түркия Республикасы (түрк. Türkiye Cumhuriyeti) — Европа жана Азия материктеринин ортосунда, Кичи Азиянын түндүгүндө жайгашкан. Түркия Республикасы 1923-жылы Осмон империясы жоюлгандан кийин Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан негизделген. Түркиянын валютасы - түрк лирасы.

Түркия Республикасы
түрк. Türkiye Cumhuriyeti

Герб
Мамлекеттик Желеги Мамлекеттик Герби
Урааны: «Yurtta Barış, Dünyada Barış»
«Үйдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык»
Гимн: «İstiklâl Marşı»
«Эгемендүүлүк маршы»
Негизделген 29-чи октябрь 1923-ж.
Расмий тили Түркчө
Борбор шаары Анкара
Ири шаарлар Ыстанбул, Анкара, Измир, Бурса, Адана
Президенти
Вице-президенти
Ассамблеянын президенти
Режеп Тайип Эрдоган
Фуат Октай
Мустафа Сентоп
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
4-чү - дүйнөдө
783.562 km2 км²
13.930 km2
Калкы
• Бааланган (2019)
Жыштыгы

83.154.997 адам (18-чү)
105/km2 ад./км²
АДӨИ ( 2018) 0.806[1] (өтө жогору) (59-чи)
Этнохороним Түрктөр,
жана Түркия кирет
Акча бирдиги Түрк лирасы
(TRY, )
Домени .tr
ISO коду TR
ЭОК коду TUR
Телефон коду +90
Убакыт аралыгы UTC +3

Борбору Түзөтүү

Түркия Республикасынын борбору - Анкара (Ankara). Деңиз денгеелинен 950 м жайгашкан. Стамбул шаарындан кийин экинчи чоң шаар. Байыркы аты Ангора (Angora). Калкы - 5.153.000 киши.

 
Анкаранын райондору, кичирайондору.

Бөлгөлөр Түзөтүү

7 чоң бөлгөсү бар. 1. Акдеңиз бөлгөсү (Akdeniz Bölgesi) 2. Чыгыш Анадолу бөлгөсү (Doğu Anadolu Bölgesi) 3.Эге бөлгөсү (Ege Bölgesi) 4. Түштүк-чыгыш Анадолу бөлгөсү (Güneydoğu Anadolu Bölgesi) 5. Орто Анадолу бөлгөсү (İç Anadolu Bölgesi) 6. Мармара бөлгөсү (Marmara Bölgesi) 7. Карадеңиз бөлгөсү (Karadeniz Bölgesi)

Шаарлары Түзөтүү

Шаар калкынын саны боюнча 1 миллион кишиден көп тогуз ири шаарлары бар: Ыстанбул - 11 174 257, Анкара - 4 140 890, Измир - 3 175 133, Бурса - 1 979 999, Адана - 1 611 262, Конйа - 1 412 343, Газыантеп - 1 342 518, Анталья - 1 127 634, Мерсин - 1 056 331 киши.

Тил Түзөтүү

Негизги макала: Түрк тили

Ыстамбул шаарынын диалекти ырасмий тил катары кабыл алынган.

Дин Түзөтүү

Калктын 85

% пайызы мусулман (Ислам динин тутушат).
 
Ыстанбулдагы мечит.

Демография Түзөтүү

Туркиянын 1927 - 2007 жылдары арасындагы Демографик айрымы.

Калктын акыркы тенденциялары[2]
жыл калктын саны
(31-декабрга карата)
эволюция
2008 71517100
2009 72561312 + 1,46 %
2010 73722988 + 1,60 %
2011 74724269 + 1,36 %
2012 75627384 + 1,21 %
2013 76667864 + 1,38 %
2014 77695904 + 1,34 %
2015 78741053 + 1,35 %
2016 79814871 + 1,36 %
2017 80810525 + 1,25 %
2018 82003882 + 1,47 %

Кооз жерлер Түзөтүү

Каунос шаары азыркы Түркиянын аймагында жайгашкан, бирок, туристтер үчүн жетиштүү популярдуу эмес. Бирок, ошентсе да бул жакка келгендердин көпчүлүгү биздин доорго чейин угулуучу майда көмүү үчүн биринчи болуп кетишүүдө.[3]

Gallery Түзөтүү

Түрк акындары Түзөтүү

Негизги ; Жемал Огуз Өжал, Юнус Эмре

Телекөрсөтүүлөр Түзөтүү

Дүйнөдө түрк телекөрсөтүүлөрүнө, ар кандай форматтагы программаларга жана анимациялык фильмдерге суроо-талап өсүүдө. Бүгүнкү күндө түрк киносу америкалык фильмдерден кийин дароо эле дүйнөдө бекем орунду ээлейт.[4]

Жазуулар Түзөтүү

  1. Human Development Report 2019 (англ.). БУУнун текшерүү программасы. — Доклад о человеческом развитии (2019) на сайте Программы развития ООН. Текшерилген күнү 13 -сентябрь (аяк оона) 2019.
  2. Welcome to Turkish Statistical Institute (TurkStat)'s. Turkstat.gov.tr (9 -июнь (кулжа) 2019). Текшерилген күнү 23 Апрель 2020. Түп булактан архивделген күнү 9 -июль (теке) 2019..
  3. Түркия кызыктуу.
  4. Дүйнөдө түрк телекөрсөтүүлөрүнө суроо-талап өсүүдө.


Шилтемелер Түзөтүү


 
Түрк тилдүү мамлекеттер
Азербайжан | Казакстан | Кыргызстан | Түркия | Түркмөнстан | Өзбекстан