Догматизм – (грек. dogma - ой, окуу, токтом) – бир жактуу, жаңыруу идеясынан оолак, конкреттүү тарыхый шарттык өзгөрүшүнө каршы турган ойлоонун бир түрү. Турмуш көрүнүштөрүн кабыл алууда, баалоодо, түшүяүүдө алардын ордун, мезгилин, ар кандай аракеттердин өзгөчөлүү шарттарына кабылаарын эске албастан, качандыр бир кездерде өздөштүрүлгөн жобонун алкагынан чыкпай чектелип калуучулук, башкача айтканда акыл-эстин шалакылыгы, сенектиги, эскирген канондордун тушоосунан кутулуп, жаңычылдыкка карай жогору көтөрүлүүгө жөндөмсүздүгү, чыгармачыл ой жүгүртүүнүн дээрлик жоктугу. Догматизмдин келип чыгышынын жана турмушта орун алып келатышынын түпкү себеби (тамыры) — ойлоодо субъективизмге ооп кетүүчүлүк, башкача айтканда реалдуу көрүнүштөрдүн (турмуш чындыгынын) чексиз динамикалуулугун, конкреттүүлүгүн, андагы абсолюттук менен салышгырмалуулуктун диалектикасын атайылап же аңдоосуз элес албоодон келип чыккан бир жактуулук; психол. жагы — мартабага жүгүнүүчүлүк, аброй алдындагы сокур ишеним (ойлонбой ишенүүчүлүк); жамааттык, топтук (корпоративдүү) таламдар же жекече (эгоизм) кызыкчылыктар таасирлери; волюнтаризм кысымдары жана башка.

Догматизм терминин байыркы грек скептиктер Пиррон жана Зенон киргизген. Кийин Догматизм өз маанисин бир аз өзгөрткөн. Гегель боюнча Догматизм – бул метафизикалык, эч кандай диалектикасы жок, маңызсыз. Диндин түрлөрүндө Догматизм жогорку өзгөртүлгүс чындык катары чыгат. Ошондуктан Догматизм авторитетке (диний, саясий) сокур ишенген фанатизмге чейин алып келген.

Догматизмдин бир түрү – фашисттик идеология. Догматизмдин социалдык бутагы болуп эскирген эрежелер, концепциялар аркылуу өз абалын сактоого умтулган группанын, топтун, таптык кызыкчылыгы эсептелет. Догматизмдин саясий булагы – коомдо ишмердүүлүк, чыгармачылык менен ой жүгүртүүгө шарттын (демократия, айкындык) жоктугу, натыйжада теория практикадан ажырап калат. Доктрина, платформа, концепцияларды улам текшерип туруу көрсөткөндөй, алар улам өзгөрүлө турган шарттарга жараша гана чын болот. Сталинщинанын жылдарында ошол коомдун абсолюттук чындыгы марксизм-ленинизм болгондуктан Догматизм Союзда жакшы өнүккөн, өкмөт башчылары доктринаны өзгөртүүгө окумуштууларга социалдык тапшырыктарды беришкен эмес.

Догматизм коммунисттик режим учурунда кибернетика, генетика илимдеринин өсүшүнө тоскоол болгон.

Философия

түзөтүү

Догматизм (грек. сөзү dogma – пикир, окуу, бүтүм) – ой жүгүртүүнүн сынчыл эмес, бир жактуу, тарыхыйчылыкка каршы түрү болуп, реалийлерди кабыл алууда, баалоодо, түшүнүүдө орундун, мезгилдин, аракеттердин спецификалуу шарттарын эске албастан, качан бир өздөштүрүлгөн доктринага тушалып калуучулук.

Догматизмдин гносеологиялык базиси – чындыктын динамикалуулугун, конкреттүүлүгүн атайылап же аңдоосуздан элес албоо, андагы абсолюттук менен салыштырмалуулуктун диалектикасын бузуу же бурмалоо. Догматизмдин психологиялык пайдубалы – авторитетке сокур ишенүү, акыл – эстин шалакылыгы, өткөнгө, качан бир өздөштүрүлгөн канондорго, формулаларга, эрежелерге сенектик менен байлануу, турмуштун эскирген заркындыларынан жогору көтөрүлүүгө жөндөмсүздүк. Догматизмдин социалдык негиздери – корпоративдүү (таптык, топтук) же жекече эгоизм, ар нерсенин түпкү абалына колтийбестик сакталышын колдоого алуу.

Саясаттагы Догматизм – авторитаризм, турмушту аңдап, таанууга үстөмдүк кылуу сөз менен иштин, теория менен тажрыйбанын ажыр алып келип, субъективизмди, волюнтаризмди, сектанчы жаратат да, акырында өзүн өзү ашкерелейт.


Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5