Долинка (Кара-Ой) баткак кени

Долинка (Кара-Ой) баткак кени Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда, Ысык-Көлдүн жээгинде, Кара-Ой кыштагынын түштүк-чыгышында. 1957-ж. табылып, 1965-ж. запасы, дарылык касиети аныкталган. Кен көл түбүндөгү чөгүндүлөрдөн пайда болгон. Үстүнкү катмары (калыңдыгы 0,2–0,3 м) күкүрттүү суутек жыттанган кара түстөгү ылай баткактан, анын асты бозомтук кара (0,3 м) жана боз (0,2 м) ылайдан турат. Алардын астында кум жана кум-топурактуу ылай жатат. Баткак аз минералдашкан (4,7 г/л), күкүрт суутектүү (100 г баткактагы Н2S 75 мг/лге жетет). Баткактын нымдуулугу 43–53%, 0,25 ммден чоң өлчөмдөгү бүртүкчөлөр менен булганышы 0,2%тен ашпайт. Салыштырма салмагы 1,4-1,5. Аянты 2200 м2, орточо калыңдыгы 0,7 м. Запасы 74,6 миң т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү