Доннер Отто (финче: Otto Donner) – финляндиялык тилчи, лингвист-угро-финн таануучу, алтай тилдери боюнча таанымал адис, 1835-ж. Финляндияда туулган, 1909-ж. Коколада дүйнөдөн кайткан. Гелсингфорс университетинин профессору. Санскрит жана салыштырмалуу тилтаануунун профессору катары белгилүү болгон. 1875-1905 жж. Гелсингфорс университетинде иштеген. 1883-ж. болсо финн-угор коомун негиздеген, 1893-ж. анын перизиденти болуп калган. Индоевропа жана финн-угор тилдери боюнча бир катар эмгектердин автору. 1886-1891 жж. "Journal de la Société finno-ougrienne" журналынын редактору болуп иштеген. Финн-угор тилдеринин жана элдеринин тарыхый мекени, тили, анын Сибирь, Түштүк Сибирдин этникалык чөйрөсү менен алакаларын жазган. Бул аймакты изилдеген батыштын изилдөөчүлөрү менен өтө тыгыз алакаларда болгон. Доннер Отто башка финн, венгр (мажар) тарыхчылары, этнографтары, ориенталистери сыяктуу эле өз элинин этникаоык тарыхынын баштапкы этабын, салттуу маданиятын Сибирь, өзгөчө Түштүк Сибирь аймактарынан издешкен.

Эмгектери түзөтүү

"Cosmogonie des Hindous comparйe а celle des Finnois" (1865); "Vergleichendes Wцrterbuch der finnisch-ugrischen Sprachen" (1874-1884); Cosmogonie des Hindous comparée а celle des Finnois, Hels., 1865; Le pronom personnel dans les langues altaiques, Hels., 1865; Coup d'oeil historique sur les travaux de linguistique ougro-finnoise, Hels., 1872;"Die gegenseitige Verwandschaft der finnisch-ugrischen Sprachen" (в "Acta Societatis scientiarum fennicae" 1880, т. XI); "Sur les Contrйes de la Russie autrefois occupйe s par les Finnois" (ошол эле жерде, 1875); "Lieder der Lappen" (финн жана немис тилдериндеги котормолору менен,1876)ж.б.