Доол – улуттук урма аспап. Анын тулкусу жезден, мистен жасалып, жалгыз туулгалуу келет. Доолдун жаргагы (териси) жезден же мистен жасалган алкак менен кысылып, Доолдун тулкусуна кооздолгон куж менен бекитилет. Кээде туулга түрүндөгү тулкудан туруп, анын чуштугуйуна каттап бекитилет да, ага шакекче тагылат. Доолдун жаргак тартылган бетинин диаметри 5,50 мм, тулкусунун бийиктиги 400 мм, жазылыгы (бети) 50 мм. Доолдун тулкусу оюулар менен кооздолот. Аны ат үстүндө, жөө жүргөндө кармап жүрүүгө ыңгайлуу болсун үчүн тулкусунун сыртына жазы кайыш тасма бекитилет. 2-кайыш тасма доолдун ички учу менен тулкусунун ортосуна тартылат. Жоон таякча менен ургулап добуш чыгарган. Доолдун тулкусун кээ бир жерлерде «чара», жаргакты «тери», тасманы «боо» деп да аташат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.