Дорбо, торбо – 1) атка жем берүүгө пайдаланылуучу баштык. Дорбо кийиз, таар, булгаары жана башкалардан тигилип, илип коюуга, канжыгага байлоого ылайыкталган боосу болот. Дорбо ат менен жол жүрүүдө өтө ыңгайлуу болгон; 2) чакан баштык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1