Дорошенко, Николай Иванович

Дорошенко, Николай Иванович (1930-ж.т., Казак ССРи Кустанай облусу, Таранов р-ну, Варваровка кыштагы) – геолог, геология-минералогия ил. кандидаты (1971), СССР (1976) ж-а Кыргыз ССР (1972) мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты. Навои атн. Өзбек Мамлекеттик ун-тин бүтүргөн (1952). Борду геол. чалгындоо партияларынын тобунда геолог, улук геолог, партиянын начальниги (1952–59); Чүй геол. экспедициясында партиянын начальниги, башкы геологу, экспедициянын улук инженери (1959–66); Сарыжаз, Тематикалык, Үчкошкон геол. экспедицияларында партиянын улук геологу, башкы геологу, экспедициянын улук геологу (1966–70); Түндүк Кыргыз, Сарыжаз геол. экспедицияларында партиянын башкы геологу, начальниги (1970–76), Геол.-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясында отряддын ж-а партиянын начальниги, экспедициянын башкы геологу (1976–83); Кыргыз ССР Геол. башкармасында, Геол. чалгындоо иштери боюнча өндүрүштүк бирикмесинде начальниктин орун басары, генералдык директордун орун басары (1983–90). «Ардак Белгиси» ордени (1976), бир нече медаль менен сыйланган. Үчкошкон калай кенин ачкандыгы үчүн «Кен байлыктарын биринчи ачуучу» белгиси менен сыйланган (1978). Кыргыз ССРинин геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери (1981).

Колдонулган адабияттар түзөтүү