Досалиева, Бүбүкан Акматжановна

Бүбүкан Досалиева

Журналист, илимпоз Бүбүкан Досалиева.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Бүбүкан Досалиева
Туулган жылы: 1958-жыл 01-жетинин айы
Туулган жери: Саруу айылы, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу
Өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Каза болгон жылы: 2020-жыл 05-теке айы
Иштеген жери: “Азаттык Медиа” мекемесинин журналисти
Ишмердүүлүгү: журналист, окумуштуу
Альма-матер: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, 1983-ж.
Илимий тармагы: журналистика, саясат таануу
Мурда аткарган кызматтары:
  • КТРКда алып баруучу, продюсер, редактор
  • “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, редактор, сыналгы продюсери
  • КУУнун, БГУнун журналистика кафедрасынын доценти; ж.б.
Наамы. Сыйлыктары: “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардак наамы (2005), Эл аралык Айтматов академиясынын анык мүчөсү (1994); ж.б.

Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева (Bübükan Dosalieva; орусча Бюбюкан Акматжановна Досалиева; 01.11.1958 -- 05.7.2020) – Кыргызстандагы белгилүү журналист айым, саясат таануучу, педагог, саясат таануу илимдеринин кандидаты, "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардак наамынын ээси (2005); Эл аралык Айтматовдук Коомдук Академиянын журналистика боюнча академиги (1994). Азыркы тапта – «Азаттык» үналгысынын журналисти.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева 1958-ж. 1-ноябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулуп, ошол эле кыштакта орто мектепти ийгиликтүү аяктаган.
Атасы - Акматжан Досалиев (1930-жылы туулган), апасы - Бейшекан Досалиева (1934-ж. туулган). Алар өмүр бою айылдап иштеп, ардагер болгон (апасы Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айылында туулган).

Чоң атасы Досалы Күрөңкөй уулу өз доорундагы билим-таалимдүү киши болгон, ошондуктан аны кадырлап Молдоке дешчү. Ал Маргалаңдан Кашкарга мата ташыган эл аралык соода кербендерине нечен ирет Ысык-Көлдүн чек ара аймагында жол көрсөткөн деп да айтышат.
Совет бийлигинин башында Досалы ата айылда артел башчысы болгон. Сталиндик куугунтук учурунда "9 торпок жоготту" деген кине менен 1939-жылы Ыраакы Чыгышка айдалган. Улуу согуш башталаарда андан "карагай кыйып жатабыз" деген кат келген. Досалы атанын качан жана кайсы жерде өлгөнү так эмес.

1976–1977- Жети-Өгүз районундагы Саруу айылындагы Куйбышев атындагы колхоздун колхозчусу болуп эмгек жолун айылда баштаган.
1977–1978 – Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин (КМУ; азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) даярдоо бөлүмүнүн угуучусу болгон.
1978–1983
КМУнун журналистика бөлүмүндө күндүз окуган.
1983–1985 – Бишкекте Республикалык балдар китепканасынын библиографы, илимий-методикалык бөлүмдүн ага редактору болуп иштеген.
1985–1993 – Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиоберүүлөр комитетинин жаштар редакциясынын редактору, социалдык-экономикалык программалар редакциясынын ага редактору, шеф-редактору.
1993–1996 – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин окутуучусу, ага окутуучусу, телевидение жана радиожурналистика кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
1995–2010 – “Азаттык”/“Эркин Европа” үналгысынын Кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору.
2010–2012 – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын Жооптуу катчысы.
2012–2014 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бөлүм башчысы.
2014–2015 – TOPNEWS.KG маалымат-аналитикалык порталынын Башкы редактору болуп иштеген. [1]
2015–2017
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын ага илимий кызматкери, “Илим” маалымат-басма борборунун директору болгон.
2017-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин “Азаттык” үналгысынын "Азаттык Медиа" мекемесинде сыналгы берүүлөрүн даярдоо продюсери, андан соң журналист болуп иштеген. [2]
2020-жылы 5-июлда Бишкекте оорунун айынан каза болду. [3]

Негизги ишине айкалыштыруу менен педагогдук иш-аракети түзөтүү

1985–1986 –окуу жылы КМУнун чакырылган окутуучусу болгон.
1989–1992 –окуу жылдары КУУнун чакырылган окутуучусу болгон.
1993–1995-жж. Чүй областтык «Сары-Өзөн»телерадиокомпаниясынын экономикалык баяндамачысы болгон.
2001–2003–окуу жылдары КУУнун жана БГУнун доцентинин милдетин аткаруучу болгон.
2006–2007–окуу жылы КУУнун «Телевидение жана радиожурналистика» кафедрасынын доценти болгон.
2011–2012–окуу жылы – БГУнун журналистика кафедрасынын доценти болгон.
2011–2018–окуу жылдары БГУнун журналистика кафедрасынын доценти болуп иштеди.

Коомдук ишмердиги түзөтүү

  • Эл аралык Айтматовдук Коомдук Академиянын журналистика боюнча академиги (1994-жылдан бери).
  • 2005–2006-жж. БУУӨП (ПРООНдун) Кыргызстандагы радио боюнча эксперти.
  • 2015-жылдын 3-декабрынан 2017-жылдын апрелине чейин КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон (Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан шайланган). [4]
  • 2015-жылы “Эмгек” партиясынын жигердүү тарапкери катары Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышкан.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Үй-бүлөлүү, 3 кыз жана 1 уулдун апасы. Өмүрлүк жолдошу – Абдыкалык (Калык) Туйбаев.

Эмгектери түзөтүү

  • “Т.Айтматов” аттуу китептин түзүүчүсү (1993-жыл).
  • “Кыргызстандагы ММКлар: саясий-укуктук аспект” аттуу илимий монографиянын (2008-жыл).
  • Б.Досалиева 15тен ашуун илимий макаланын автору.
  • “Энелер жөнүндө баллада” аттуу коомдук-популярдуу китептин автору (2013-жыл).

Сыйлыктары түзөтүү

  • Кыргыз ССРинин ЛКЖС БКсынын Ардак Грамотасы (1987-ж.);
  • Казак ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинин Ардак Грамотасы (1989-ж.)
  • КР Өкмөтүнүн сыйлыгынын Лауреаты (1998-ж.);
  • КР Жогорку Кеңешинин 2002-,2003-, 2004–жылдардагы сыйлыктарынын Лауреаты;
  • КР Президентинин “Алтын калем” сыйлыгынын Лауреаты (2003-ж.);
  • “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардак наамы ыйгарылган (2005-ж.);
  • Журналисттик ишмердиги үчүн «КР ИИМине 80 жыл» юбилейлик төш белгиси менен сыйланган (2008-ж.);
  • Парламенттин ишмердигин чагылдыруу боюнча Еврокомиссия менен КРнын Жогорку Кеңешинин конкурсунун Лауреаты (биринчи орун, 2009-ж.);
  • БИ-БИ-СИ корпорациясы менен Евробиримдиктин конкурсунун Лауреаты (“Үй безерлер” аттуу фильмди тарткандыгы үчүн экинчи орун,2009-ж.);
  • Адам укуктарын коргоодогу ишмердиги үчүн КР Акыйкатчысынын «Акыйкат» төш белгиси менен сыйланган (2010-ж.);
  • КР Президентинин Жарлыгына ылайык Президенттин сааты менен сыйланган (2011-ж.);
  • «Ала Тоо айымдары» коомдук бирикмесинин төш белгиси менен сыйланган (2015-ж.);
  • КРнын Экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспециясынын Ардак грамотасы менен сыйланган(2017-ж.).

Стажировкалар жана тренингдер түзөтүү

  • 1993-ж.- ММК кызматкерлери үчүн семинар-тренинг, Анкара, Турция.
  • 1995 –ж.- АКШнын университеттеринде стажировка. Уюштуруучу ЮСАИД.
  • 1999,2001, 2003,2005 -жж. - “Азаттык”-“Эркин Европа” радиосунун редакторлору семинар-тренингдер, Прага, Чехия.
  • 2003-ж.- “Журналисттик иликтөө” деген темада семинар-тренинг. Уюштуруучу IWPR, Алматы, Казакстан.
  • 2004-ж.- НАТОнун Борбор Азия жана Казакстандын журналисттери үчүн семинары. Уюштуруучу НАТО, Брюссель, Бельгия.
  • 2006 -ж.- Борбор Азия журналисттери үчүн семинар – тренинг, Уюштуруучу “Азаттык”-“Эркин Европа” радиосу, Бишкек, Кыргызстан.
  • 2013-ж,февраль – “Уюмду өнүктүрүүнүн учурдагы ыкмалары жана методдору. Моббинг и аутплейсмент”деген темада семинар-тренинг. Уюштуруучу ЮСАИД жана DFID.
  • 2013-ж.апрель – “Эл алдында сүйлөө” деген темада семинар-тренинг. Уюштуруучу ЮСАИД жана DFID, Бишкек.
  • 2013-ж.,май – “Коомчулук менен байланыштын учурдагы ыкмалары” деген темада семинар-тренинг. Уюштуруучу ЮСАИД жана DFID, Бишкек.
  • 2013-ж., декабрь- С.Давлатовдун “Тайм менеджмент”деген темада семинары.
  • 2014-ж.май- “Лидерликти өнүктүрүү” деген темада семинар –тренинг. Уюштуруучу ЮСАИД жана DFID, Бишкек.
  • 2014-ж.,июнь- “Гендердик маселе жана саясат” деген темада семинар –тренинг. Уюштуруучулар “Граждандык укуктук бирикме” уюму, Эл аралык Республикалык институт.
  • 2014-ж.,октябрь- “Аялдын жашоосу коомдун күзгүсү” аттуу Республикалык Форум. Уюштуруучулар “Граждандык укуктук бирикме” уюму, Эл аралык Республикалык институт.

Б.Досалиеванын макала, маектери, алып барган берүүлөрү түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. http://who.ca-news.org/people:2022
  2. https://www.azattyk.org/a/azattyk_bubukan-dosalieva/30708375.html
  3. https://www.azattyk.org/a/kyrgyz_media_bubukan-dosalieva_2020_obituary_tch/30708956.html
  4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому.