Досбергенов Төлөбек (1906, Казак Республикасы, Жамбыл облусу, Сары-Суу району, № 1 айыл –15.12.2000, Кара-Буура району, Жоон-Дөбө айылы) – малчы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. Талас облусу, Киров районундагы «Жоон-Төбө» асыл тукум кой заводунун баш чабаны болуп иштеген. 1955-ж. ар 100 тубар койдон 140тан (1956-ж. 113төн) козу алып, чыгашасыз асыраган, ар койдон 5,3 кг жүн кыркып алган. Кыргыз уяң жүндүү коюн чыгарууга катышкан. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.