Достук (Ала-Бука району)
(«Достук, Ала-Бука району» барагынан багытталды)
Достук — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу. Деңиз деңгээлинен 1240 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 5 км. Наманган (Өзбекстан) темир жол бекетинен 55 км. Калкы 5709 (2006); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, китепканалар, дарыканалар, ФАП бар. Турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. [1]
Отурукташкан жай
Достук
|
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 28 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.