Дотация (көмөкпул)
Дотация (көмөкпул) (орто кыл. лат. dotatio – белек, садага) – 1) чыгашасын жабуу үчүн же дагы башка максатта, жарандар менен уюмдарга жардам иретинде берилүүчү мамлекеттик кошумча жөлөкпул; 2) тапкан кирешеси товар өндүрүү жана сатуу чыгымын жаппаган ишканаларга, ошондой эле калк керектөөсүндөгү айрым товарлардын сатык баасын салыштырмалуу төмөнкү деңгээлде камап туруу максатында бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты; 3) күндөлүк чыгымдарды жабуу үчүн бекер жана кайтарымсыз негизде КР тутумунун бир деңгээлинен экинчи деңгээлине берилүүчү бюджеттик каражат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|