Драшеоз - ай туяктуу айбандардын гельминтоз ылаңы. Аны Draschia megastoma жумуру мите курту козгойт. Уз. 7-12 мм.

Үй чымын жана күзгү чаар чымын аркылуу мите курттун личинкалары жылкынын таноосуна жабышат, андан шилекей менен карынга өтүп, жетилет. Карын сезгенип, чоңдугу жаңгак, жумурткадай шишик пайда болот. Жылкы арыктап, жаталактайт. Диагноз лабораториялык изилдөөнүн негизинде аныкталат. Дарылоо менен профилактикасын к. Габронемоз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.