Дробитько Елена Алексеевна

Дробитько Елена Алексеевна (1909, Россия – 1995, Талас облусу, Кара-Буура району) – тамеки өстүрүүчү, Социалистик Эмгектин Баатыры (1949). Талас облусунун Киров (азыркы Кара-Буура) районундагы «Россия» колхозунда тамеки өстүрүүчү звенонун башчысы болуп иштеген. 1948-ж. ал жетектеген звено 4,5 га аянттагы тамекинин ар гектарынан 22,3 цден түшүм жыйнап алган. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1