Дуба – мусулман дининде ар иштин башталышына, жүрүшүнө, бүтүшүнө алладан жардам, ырайым, боорукерчилик, мээрмандык ж.б. сурап кайрылуу. Дуба өлгөн адамга карата куран түшүрүү, куран окуу, бата берүү менен иш жүзүнө ашырылган. Динге ишенгендер, кырсыктап иштери илгерилебегендер Дубаны кереметтүү күч катары карашып, молдо чакырып куран окутушкан.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.