Дубалдан ашып түшүү
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 3—5 киши.
Оюн аянтчада, талаада, стадиондо өткөрүлөт.
Оюнда дубал, каша, тосмо колдонулат.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар дубалга жакын жерде, бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар кезектери келгенде, бирден дубалдан ашып өтүшүп кайра ордуларына турушат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат.
Оюндун башка түрлөрү. Аңдан өтүү, дөңдөн өтүү.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, дубалдан ашып өтпөй коюуга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда күч, ийилчээктикке, ылдамдыкка тарбияланат, чыдамкайлыкка, тырышчаактыкка, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүБул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|