Дувана (фарсча дубана - келесоо, делбе) -

  1. мусулман мистиктери, суфизмди жактоочулар. Алар «бир туугандык» орденге жана жамааттарга (общиналарга) биригишкен.

Дуваналардын ордендеринин уставы, духовный шатысы (иерархиясы), турган жери болгон. Алардын кадирий, накшбандий, ясевий, мевлевий, бекташий, сенусий ордендери өзгөчө белгилүү.

Дуваналар окуусунун негизин мистикалык экстаз абалында адам кудайдын өзү менен сүйлөшөт имиш деген жалган идея түзөт. Алардын ордендери Пакистан, Индия, Индонезия, Иран жана Африканын айрым өлкөлөрүндө бар. 1925-жылдан Турция республикасында Дуваналардын иштерине тыюу салынган. Октбярь революциясына чейин Орто Азияда дубана-дервиштердин ордендерине жана жамааттарына кирген динчилер болгон;

  1. кыргызда тилемчи, кайырчылар да Дувана же думана деп аталган;
  1. кыргыздын баатырдык дастандарындагы көзү ачык, сыйкырдуу абышка кебетесиндеги каарман.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.