Дудинская, Наталья Михайловна

Дудинская Наталья Михайловна (1912-2003) - советтик балерина, СССР эл артисти (1957). 1923-31-ж.

Ленинград хореографиялык окуу жайында А. Я. Вагановадан сабак алган. 1931-62-ж. С. М. Киров атындагы Ленинград опера жана балет театрында иштеп, Чайковскийдин «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу», Прокофьевдпн «Золушка», Глазуновдун «Раймонда», Адандын «Жизель» ж. б. балеттерде башкы партияларды аткарган. Классикалык бийлерди ийкемдүү аткарган. Дудинская түзгөн образдар психол. тереңдиги, таасирдүүлүгү менен айырмаланат. 1951-жылдан театрда балет артисттерин машыктыруучу, 1964- жылдан Ваганова атындагы Ленинград хореографиялык окуу жайынын окутуучусу болуп иштеген. СССР мамлекеттик сыйл. (1941, 1947, 1949, 1951) лауреаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү