Думанаев, Чоробек Осмонович

Думанаев, Чоробек Осмонович
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Думанаев, Чоробек Осмонович
Туулган жылы: 20.07. 1952.
Туулган жери: Миң-Булак айылы, Нарын району, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти
Наамдары:

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти

Думанаев, Чоробек Осмонович – театр жана киноартисти.

Өмүр баяны түзөтүү

Думанаев, Чоробек Осмоновичтин балалык чагы Тянь-Шандын кучагында, Он-Арча суусунун боюнда өткөн.
Ч.Думанаев кийин эс тартканда агасы, Кыргыз маалекеттик академиялык драма театрынын артисти Асанкул Осмоновдун колуна, Фрунзе шаарына келип окуп калат.
Орто мектепти Фрунзе шаарынан бүтүрөт.
Чоробек бала кезинен эле киного аралашкан, "Космонавттар көчөсү" деген фильмге тартылган.
1974-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы студияны жана 1994-ж. Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөн.
1975-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштейт.
Ушул жылдардын аралыгында Ч.Думанаев сахнада элүүдөн ашык ролдорду ойноп, кыргыз элине аттын кашкасындай таанылды.
Айрыкча анын киноролдору Ч.Думанаевди кыргызга гана эмес ошол кездеги жалпы союзга тааныткан.
С.Чокморовдон кийинки эле Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн дипломго татыган, кыргыз киносунда Ч.Думанаев болгон.
Театр студиясына жаңыдан кирген маалда "Көчө" фильминде башкы ролду аткарган.

"Манас" эпосуна байланышы түзөтүү

Ч.Думанаев Ж. Садыковдун "Айкөл Манас" — Чубактын, "Манастын уулу Семетей" — Көбөштүн, "Сейтек" драмасында — Сейтектин ролдорун аткарган.
Артист карандай күчтүн ээси, аны-муну көп байкабаган энөө, ишенчээк, ачуусу чукул, кыялы чорт, бирок, ак көңүл, ичине кир сактабаган Чубак баатырдын образын элестүү ачып берген.
Ч.Думанаев, айрыкча Сейтектин образын ачууда көп эмгектенип, бир топ ийгиликтерге жетишкен. Эл тилегинин таянычы болгон Сейтектин образынан эл ээсиз, баатырсыз калбайт, зарыл керек учурда эл иши үчүн курман болууга даяр турган чыныгы азаматтар чыга келет деген элдик ишенимди, оптимисттик идеяны көрөбүз. Айрыкча драманын корутундусунда Сейтектин элге ээ болуп, аларды ички жана сырткы душмандардан коргоп туруп калуусу бул образга элдин зор көңүл буруусун белгилейт жана ага берилген адилет баанын далили.
Ал эми идеал каармандардын карама-каршысында турган өздөн чыккан жат, жеке керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн Көбөштүн образын көрүүчүгө жеткирүүдө да Ч.Думанаев өзүнүн аткаруучулук чеберчилигин көрсөтө алган.

Аткарган негизги ролдору түзөтүү

 
Думанаев Чоробектин жаш кези

Незнамов (А.Н. Островский, "Күнөөсүз күнөөлүүлөр")
Акегет (Мустай Карим, "Ай тутулган түндө")
Сейтек (Ж.Садыков, "Сейтек")
Чубак (Ж. Садыков, "Айкөл Манас")
Кыргылчал (Ж. Садыков,"Манастын уулу Семетей")
Олжобай (Ж. Абдыкадыров, "Олжобай менен Кишимжан")
Кожожаш (М. Байжиев, "Байыркы жомок")
Нурдин (Т. Абдумомунов, "Абийир кечирбейт") жана башкалар.

Кинолору түзөтүү

"Көчө" (М. Гапаров)
"Шаркыратма" (Л. Дядьюченко)
"Ак-Кеме" (Б. Шамшиев)
"Ай тутулган түндө" (Мустай Карим)
"Жаралыш үчүн курман болгондор" (К. Акматов) жана башка кинофильмдерге тартылган.
Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн эки жолу (Бүткүл союздук жана Орто Азия, Казакстан, Азербайжан республикаларынын кинофестивалы) 2-даражадагы диплом менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4