Дуңкана Кочуке уулу (1886, азыркы Тянь-Шань району, Эчки-Башы айылы —1981, ошол эле жер) — семетейчи. Д. Тыныбек, Касымбай манасчылардан "Манас", "Семетей" эпосун көп уккан. "Манас" айтуунун чеберчилигин Чоюке, Дыйканбай манасчылардан үйрөнгөн. Замандаштары Саякбай Карала уулу, Мамбет Чокмор уулу менен тааныш болуп таасир алган. "Манас" эпосуна караганда "Семетейди" жакшы өздөштүрүп, эл арасында көбүрөөк айткан. Андан 1965—67-ж. "Манас" эпосунан Манастын бала чагы, Чоң казат эпизоддору, "Семетей" бөлүмү жазып алынган. Башка манасчылардай эле Д. өзүнүн "Манас" айтып калуусун кереметтүү түш көрүү менен байланыштырып: "Жети жашар кезимде түшүмө Семетей, Күлчоро, Канчоролор киришти, үч жыл айтпай жүрдүм. Түшүмдө Семетей келип найза менен сайып кеткенден кийин айта баштадым, кийин Манас менен Алмамбет түшүмө кирип, чалгынга кетип баратып бизди айткын дешти", — деп эскерет. Дуңкана Кочуке уулунун вариантынын сюжети көл айланасындагы манасчы лардын (Саякбай Карала уулу, Мамбет Чокмор уулу) варианттарына жакын, ошондой эле айрым мотивдери, сүрөттөөлөрү Теңир-Тоо аймагынан чыккан манасчылардыкына окшоп кетет. Д. жаш кезинен көл кылаасындагы жек-жааттарына көп каттап, чыгармачылыгына көлдүк манасчылардын таасири тийгендиги байкалат. Анын вариантынын сюжети Саякбай Каралаевдин варианты менен Мамбет Чокморовдун варианттарына жакын болгону менен өзүнчө өзгөчөлүгү да бар. Көпчүлүк варианттарда ооруктагы кыргыз колу Сыргактан кабар угуп, жоону каптап кирип, аларды багынтып алышат. Дуңкана Кочукеевдин вариантында да эки кол беттешип, адаттагыдай салгылаш болот, бирок, чоң дайранын наркы өйүзүнө өтүп алган кытайлар кыргыздарды өткөрбөй үч ай кармап жатып алат. Алмамбет амал менен суудан өтүп, Жолойду өлтүрүп, анын колун алдап алыс алып кеткенден кийин кадимки чоң салгылаш болот. Кытайлар анда да моюн сунбайт. Нескара, Шуйкучуларды Чубак колго түшүрүп келет. Башка варианттардын кай биринде мындай мотив кезиккендиги менен Чубактын эрдиги мынчалык мааниге ээ эмес. Дуңкана Кочукеевдин вариантынын сюжети мындай өзгөчөлүктөр гана эмес, андан майдараак деталдары менен да айырмаланып турат. Көлдүк манасчы ларда (айрыкча Мамбет Чокмор уулу) Алмамбеттин энеси Айганыштын образы байыркы мифтик каармандын образы жумшартылып, реалдуу турмушка жакындаштырылып, трансформациялануу аркылуу элдик эпоско киргени байкалат. Ал эми Дуңкана Кочукеевдин вариантында жогорку варианттагы касиеттеринен тышкары Айганыш бирде аял, бирде ак жыланга айланып кетүүчү сыйкырдуу күчкө ээ жана бул образдын башаты ошол байыркы мифтен башталат. Анын варианты бардык учурда эле көркөмдүк жагынан терең иштелген эмес. Бир нече саптан кийин барып уйкашып же бир түрдүү этиш сөздөрдөн куралып, уйкаштык жактан кыйла аксайт. Негизинен сюжет кууп айткандыктан, белгилүү варианттарга салыштырганда ички көркөмдүк каражаттар сейрегирээк. Эпостун сюжети "Алооке менен Жезбилек, эки кытай оолугуп", кыргыздарды чаап алып, туш тарапка сүрүшүнөн башталат. Жакып Алтайга айдалат. Ал жерде Манас аттуу уулдуу болот. Бирок, башка манасчы лардын айтуусунда Жакыптын эмгек кылып жүрүп, чоң бай, төрт түлүгү шай болгондугу карыганча балалуу болбой зарлашы, түш көрүү, эненин жолборстун жүрөгүнө талгак болушу, ат коюп, бешик той берүү сыяктуу салттык мотивдер айтылбайт. Д-нын вариантында Манастын туулушу "карапайым Жакыптан Манасты аягы менен тик тууду" деп кыскача гана түшүнүк берилет. Манас он экиге келгенде Алтай жериндеги кыргыздар кара кытайлардын Алооке менен Жезбилек деген баскынчы баатырлары Ала-Тоодон сүрүп жибергендигин айтышат. Манас эр жетип Алтай жерине сүрүлүп барган кыргыздарды Ала-Тоого көчүрөт. Нойгуттардын Акбалтасы Жакыпка мал тартуулап келип, уулу Чубакты Манас менен дос кылат. Манас менен Чубак Анжыяндагы Алоокени чаап, Акбалтанын Чубагынын алымына чыдабай Алооке кан Бээжинге качат. Алоокенин качып келгенин уулу Коңурбай угуп "бурутту чаап кул кылам" деп күүлөнөт. "Бээжинге Манас казаттап келбей койбойт, кыйын болсоң ошондо беттешип көрөрсүң", — деп Алооке баласын тыйып коет. Манас, Чубак, Бакай үчөө кара кытай, калмактарды Ала-Тоодон сүрүп чыгып, жоосу жок болуп, тынч жашап турган учурда Элемандын Эр Төштүк Жоодарга той берип алты канды чакырат.

Бет алышып алты кан,

Биз Манаска баралы.

Ушул тойдон тарабай

Үй үстүнө туу тигип

Манасты чаап алалы (Кол жазмалар фондусу, 248-инв., 13-б.),— деп тойго келген алты кан кеңешип, Манаска каршы барышат. Бирок, Манаска каршы аттанган кандар кимдер экендигине, карама-каршылыктын келип чыгышынын себеби так айтылбайт. Каршы келген кандарды Манас каарданып Аккуланы минип, курал-жарагы менен кирип, кырып коё турган болгондо Бакай менен Алмамбет арага түшүп токтотот. Кандар Манастан коркконунан Бээжинге казат кылалы деп суранышат. Казатка аттанган кол жолдо тыныгат. Бээжиндин сыртынан чалгын чалып келүү үчүн Алмамбет жөнөрдө, Чубак мени да ала бар деп суранат. Алмамбет ала барууга убада берет. Манас баатыр кырк чоронун ичинен чалгынга тандап жолдош ал дегенде Алмамбет Чубак менен антташып койгон убадасын айтат. Манас Чубакты оорукка калтырат. Алмамбетке Сыргакты кошуп чалгынга жөнөтөт. Чалгын чалуучу баатырлар Карткүрөң тулпарды коштой кетишет. Алмамбет менен Сыргактын чалгынга кеткенине арданган Чубак баатыр Алмамбеттин артынан кууп барат. Кезенишип турган Алмамбет менен Чубакка жете келген Манас баатыр экөөнү элдештирет. Эриккенден баатырлар ат жарыштырат. Бул вариантта колдун аттанышы, Алмамбет менен Чубактын жаңжалы жана "Алмамбеттин арманы" кыска түрдө айтылат. Тал-Чокуга келгенде Манас баатыр дүрбү менен Бээжинди карап отуруп, Алмамбеттен Бээжиндин жайын сурайт. Манас баатырдын суроосу боюнча Бээжиндин жайын жана өзүнүн арманын айтат. Алмамбет нурдун кызы Айганыштын боюна нурдан бүтөт. Энеси Айганыш Азизканга келгенде үч айлык боюнда болот. Айганыш жаңы туулган баласы Алмамбетти көргөзбөй багып, үч ай толгондо эркек уул туудум деп Азизканга сүйүнчүлөйт. Бирок, Эсенкан баланын мусулман экенин билип кудукка салып өлтүрмөк болгондо периштелер аман сактап калат. Алмамбет алты жашка чыкканда сыйкырчылык өнөрдүн окуусун окуп, он миң бала бир окуп, он миң баладан он бала калат. Ал он бала кийин кытайга бийлик жүргүзгөн баатырлардан болот. Алмамбет арманын айтып бүтүп, Чет-Бээжинге чалгынга жөнөйт. Жолдо чек кайтарган Куу кулжа, Куу түлкү, Макел дөөнү өлтүрүшөт. Чет-Вээжинге барып, Алмамбеттин сарайын көрүшөт. Эсенкан кызы Бурулча, Жаңжуңдун кызы Мыскалга жолугуп сырдашкандан кийин, кытайдын кап кага камаган көп жылкысын айдап жөнөшөт. Карагулдан кабар алган Коңурбай жылкыны кубалап келип, Сыргактан жараланып, кайра качып Эсенканга барып көп кол менен чыгат. Куугунчу кытайлар менен салгылашта Манас минген Айбанбоз баспай калат. Баатырлар Тал-Чокуга корголошот. Сыргак. оорукка кабарга барат. Бакайдын амалы менен ооруктагы кол олжо алабыз деп чабуул жасайт. Ажыбай Тал-Чокуну курчап алган кытай колун алдап Манаска Аккуланы, Аколпок, Аккелтени жеткирет, кыргыз колу кытайларды сүрүп, Ак-Үргөнч суудан өткөрөт. Эки кол бири-бирине кечүү бербей турушат. Алмамбет Коңурбайдын кебин кийип кирип, түн ичинде Жолойду өлтүрүп, анын туусун көтөрүп Бээжинди көздөй качат, артынан кытай колу жөнөйт. Кечүү бошоп, кыргыз колу наркы өйүзгө өтөт. Көк-Букачан Мадыканды өлтүрүшөт. Манаска жекеге чыккан Коңурбай жаралуу болуп качат. Душман качып, кыргыздар кол эсебин алса Чубак жок. Ал Нескараны колго түшүрүп кийин келет. Нескара жан соога сурап, Эсенкандын кандыгын алып берүүгө убада кылат. Нескара Бээжин кандарына багынып берүүсүн суранып кат жазат. Кытайлар Манаска караштуу болуп Алмамбет , Чубак, Бакайды үч шаарга кан көтөрүшөт. Д-нын айтуусундагы эпостун "Семетей" бөлүгү Семетей баатырдын Кең-Колдон Айчүрөккө жөнөгөнү деген эпизоддон башталат. Бул эпизоддо Семетей абасы Бакайдан бата алып, эки чорону баштап, он төрт атты бош коштотуп Үргөнчкө жөнөгөнү кыскача баяндалат. Семетей баатыр дүрбү салып Акунканды күч менен камап жаткан Чынкожо, Толтойду көрөт. Семетей Үргөнчтүн боюна сейил кылып келген бир топ кызды көрүп, аларды билип келүү үчүн Күлчорону Тайбуурулга мингизип жөнөтөт. Күлчоро эч кандай кыйынчылыксыз эле кирип жаткан Үргөнчтү кечип өтүп, Семетейдин келерин күтүп жаткан Айчүрөккө барып таанышат. Көпкө күткөн Семетей ачууланып, киргилденип кирип жаткан Үргөнчтү кечип, агып, араң дегенде суудан чыгат. Кабарсыз кечиккен Күлчорого келип жемелегенде Айчүрөк Семетейди сынап "Чороңду жемелебе, менин Чынкожодой күйөөм бар" — деп анын намысына тиет. Айчүрөк Чынкожо, Толтойдун зордугунан аккуу кебин кийип, асмандап учуп Семетейди издеп төгөрөктүн төрт бурчун айланып ааламдагы алп, баатырларды сынаганын, алардын ичинен Семетей баатырды сынына толтуруп, акыры анын келерин күтүп жолунан тосуп жүрүп жолукканын айтат. Семетей анын жүйөлүү сөзүнө жыгылат. Айчүрөк Семетейди жолдоштору менен атасы Акункандын шаарына алып барып, сарайына багып жатып калат. Болжошкон мөөнөттү күтүп, туура алты ай толгондо Чынкожо, Толтой Акункандын кызы Айчүрөктү берер убактысы жеткенин айтып элчи жиберет. Акункандын Түмөнбай менен Ажыбай деген инилери шаарды камап жаткан Чынкожо, Толтойго келип эртең той жасап, Чурөктү берели деп макулдашып кетет. Ошондо Толтой шектенип, бу кандай кеп, бу алдаганы го, кой, жер кыдырып чалайын деген ой менен Суркоён атын минип жер чалып чыгат. Түн ичинде жол чалып жүргөн Күлчорого кокустан кабылып, Күлчоро тоодой болгон Толтойду кууп жетпей чала сайып калып куткарып жибергенин Семетейге чоң өкүнүч менен айтып келет. Жаралуу качып кутулган Толтой да Чынкожого Семетей баатырдын кууп чала сайып калганын айтып барат. Чынкожо сени кууган Семетей эмес, ал сайса соо каласыңбы, Күлчоро сайгандыр, ошол баладан качып келгениң кандай деп Толтойду шылдыңдайт. Колуна жар чакырып урушка камынат. Ошондо Толтой Чынкожого Семетей баатыр менен согушпай эле кайра кете берүүнү өтүнүп, бала кезинде атасын ээрчип барып өз көзү менен көргөн "Көкөтөйдүн ашы" жомогун айта баштайт. Семетейчи Д. айткан "Көкөтөйдүн ашы" эпизодунда да Көкөтөй карыя Ташкенди жердеген кан болуп, малы ар тарапка толгон чоң бай болот. Көкөтөйдүн эркек баласы болбой жүрүп талаадан таап алган баланы "катыным эркек тууду" деп тоюна токсон союп, атын Бокмурун койдурат. Бокмуруну он эки жашка чыкканда Көкөтөй дүйнөдөн кайтат. Кары Көкөтөйдү асемдеп көмгөндөн кийинки жылдык ашын берер кеңеш аягынаМанас баатырды чакырбай коёт. Жаш Айдардын ашка ал чакырышы эпосто кыскача берилип, көп жери айтылбай калат. Ашка кимди, кайсы элди, чакырганы башка версиялардай эле көрсөтүлгөн. Көпкөлөң Бокмурун жаш Айдарды кабарга жиберип, Коңурбай менен Жолойдон жардам сурайт. Ашта каадасалт, мелдештер, элдик оюн-зооктор өткөрүлөт. Чатактын түйүнү ат чабыштын байгесинен башталарда мусулман менен капырлар кеңешип байгени бөлүп алышат. Д-нын "Көкөтөйдүн ашы" эпизоду башка варианттардан ушул мотиви боюнча айырмаланып турат. "Көкөтөйдүн ашында өткөрүлгөн балбан күрөштө Каныкей тиккен кандагай шым кийип күрөшкө чыккан Кошой алп Жолой дөөнү жыгып байгени алат. Күрөшкө чыгар алдында кандагай шымды жактырган Кошой карыя Каныкейге берген батасында мен да бата кылгам. Ал бала азыр атасы Манасты тарткан баатыр болду деп уктум. Батадан бүткөн Семетей быйыл он беш жашка толду. Согушсак өлөбүз. Бирөөнүн баш байлап койгон жесирин не этебиз. Бөөдө элди кырып алабыз.

Алайдын башын алалы,

Анжыян түшүп качалы.

Анжыянда ооган бар

Кызыл тору кыз кармап

Атын Чүрөк коёлу

Баягы Чүрөк ушу деп

Мактанып элге коёлу (Кол жазмалар фондусу, 248-инв., 114-б.) деген Толтойдун сөзүнө Чынкожо макул болбойт. Чынкожонун каарынан корккон Толтой аргасыздан Семетей баатыр менен урушууга макул болот. Шыгайдын уулу Чынкожо канаттуу Кара аты менен көктө учуп, Семетейдин он булчуңун жара атып жарадар кылат. Айласы түгөнгөн Семетейдин Шыгайдын уулу Чынкожого атамдан калган Тайбуурулга алтын, күмүш артып барып алдына тартып, Аколпокту жапсакпы, кандын кызы Чүрөктү кан Толтойго тартсакпы деген сунушуна Күлчоро болбой коёт. Асманда аты менен учуп жүргөн Чынкожо каарданып Күлчоронун башын жара атарда адамдай эстүү Тайбуурул Аккаңкынын капталын окко тосуп калат. Аккелтенин акыркы огу менен Күлчоро баатыр Шыгайдын уулу Чынкожонун канаттуу Кара атынын оң мүрүсүн сындыра атат, жан соогалап жалынган Чынкожонун башын Семетей кыя чабат. Чынкожо баатырынан ажырап, согуш майданынан качкан Толтойду Күлчоро өлтүрүп, анын Суркоён тулпарын олжолоп алат. Күлчоро менен Канчоро олжого түшкөн Суркоёнду соогатка сурайт. Ошондо Семетей "Эки чоро эр чором, эрдигиң мага тең чором"—деп Күлчоро менен Канчорону ат чаптырып жарыштырат.

Олбуй-солбуй теминип,

Оң-тетири камчы уруп,

Эки чоро келатат,

Көктелки менен Суртелки

Далай буудан тазасы

Аныгы Желкайыптын баласы

Семетейге жеткенде

Көктелкиден Суртелки

Моюнга чыгып барды эми

Манастын уулу Семетей

Ийе тартып ал жерден

Күлчоронун өзүнө

Айланайын Күлчором

Эрди сайган ат алат.

Суркоёндой күлүктү

Ийе тартып ал жерден

Күлчоронун өзүнө

Серпип бир салды чылбырды (Кол жазмалар фондусу, 249инв., 30—40-б.) Д-да Канчоронун тымызын кастыгы Семетей баатыр олжого түшкөн Толтойдун Суркоён тулпарынын Күлчорого берилишинен башталат. Чынкожо менен Толтой жеңилгенден кийин Акункан чоң той берип Айчүрөктү узатат. Семетей Айчүрөктү алып көп олжо менен Таласка келет. Бакай Каныкей, Айчүрөк келинине арнап чоң той берет. Эл тынчып жатып калат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4