Ду Фу (712–770) – кытай акыны. «Улуу сепил үчүн чабуул» (750) жана башка ырларында бүлүндүрүүчү согуштарга каршы нааразылыгын билдирген. Анын «Сулуу жөнүндө ыры» падыша сарайындагылардын турмушун мыскылдайт. «Борбордон Фынсянга бараткандагы 500 сөздөн турган ой толгоолор» (755) аттуу антифеодалдык поэмасында адам теңдиги жөнүндөгү тилегин айткан. Ду Фу – бийлик башындагылардын бетин ачкан «Үч башкаруучу» сыяктуу кеңири белгилүү ыр циклдеринин, чебер жазылган пейзаждык ырлардын автору. Ал өмүрүнүн акырында жалгыз жашап, жакырчылыкта өлгөн. Анын ырлары кытай поэзиясынын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизген. Кытайда аны «поэзиянын корифейи» деп аташат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1