Дыйкан-Кыштак, Кара-Суу району

Дыйкан-Кыштак (кырг. Дыйкан-Кыштак) — Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 28 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 2 км. Деңиз деңгээлинен 1040 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 9140 (2006); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, клуб, китепкана, оорукана бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатырлары А. Жумабаев, Т. Мусаев, С. Нишанов, Ю. Тургунов, И. Исмаилова, А. Маматурдиев, А. Алиахунов туулган.[1]

Отурукташкан жай
Дыйкан-Кыштак
Район Кыргызстан
Координаттар 40°30′45″ с. ш. 72°46′45″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 9 679 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Дыйкан-Кыштак, Кара-Суу району (Кыргызстан)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.