Дүкөнөк мөңгүсүТүркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 5,0 км, аянты 5,3 км2. Каравшин суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4930 м, этеги 3480 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3888 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Фирн облусу кырка тоонун дого сымал ийилген кыры менен чектелген жазы төрдө жатат. Мөңгүдөн Орточачма суусунун (Каравшиндин сол куймасы) башаты – Дүкөнөк суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү