Кочукеев, Дүңкана (1886–1981, Нарын району) – манасчы. Ал өзүнүн эскерүүсүндө “Манаска” кызыгуусу өтө эрте башталган. Алгач “Манасты” өзүнүн тууганы улуу манасчы Тыныбектен кичине кезинен эле уккан. “Тыныбекти жакшы билчүмүн, анын “Семетейин” көп уккам. Экөөбүз тең тынымсейиттин торгой уруусунан болобуз”, – деп эскерген ал бул жөнүндөдө. Дуңкана “Манасты” негизинен өз өрөөнүндө, өзүнө жакын чөйрөлөрдө гана айтып өткөн. Ырас айрым учурларда элдик чыгамачылык боюнча республикалык кароолорго катышып, алдыңкы орундарды ээлеген учурлары болгон. Өзүнө замандаш манасчылар С. Каралаев, М. Чокморов менен тааныштыгы болуп, бири-бирине таасир тийгизген.

Кочукеев Дүңкана “Манасын” 1966–1967 ж. КРУИАсынын Тил жана адабият институнун илим кызматкери С. Бегалиев, Р. Сарыпбеков жазып алышкан. Кочукеев Дүңкана негизинен семетейчи катары белгилүү болуп, “Манас” трилогиясынын бул бөлүмүн толугураак айткан, ал эми анын биринчи бөлүмүнөн (”Манастан”), “Манастын балалык чагын”, “Чоң Казат” бөлүмдөрүн гана айткан.

Кочукеевдин варианты сюжеттик линиясы жагынан көл айланасынан чыккан манасчылардын (С.Каралаевдин, М. Чокморовдун) варианттарына жакын, айрым себептери, сүрөттөөлөрү Нарын чөйрөсүнөн чыккан манасчыларга окшошуп кетет. Анын вариантындагы мындай өзгөчөлүк манасчы катары калыптануусу ушул аталган эки чөйрөдө өмүрүнүн өтүшү менен түшүндүрүлүшү мүмкүн. Анын “Манасы” Манастаануунун улуттук борборунун илим кызматкери Т. Казиев тарабынан өзүнчө китеп болуп жарыяланган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004