Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн дөбөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар дөбөнүн түбүнө бир катар болуп ичтеринде жатышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, оюнчулар дөбөнүн белгиленген жерине чейин боортоктоп чыгууга аракеттелет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Дөбөнүн белгиленген жерине чейин боортоктоп келген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Дөңдөн боортоктоп түшүү, дөңгө жөрмөлөп чыгуу, дөң ден жөрмөлөп түшүү, дөңгө кош аяктап чыгуу, дөңдөн кош аяктап түшүү.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Буйруктан мурда аракеттенүүгө, бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, белгиленген аралыктан боортоктоп толук өтпөй коюуга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, башка буюмдарсыз, чөптүү жер болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, чыдамкайлыкка, тырышчаактыкка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү