Дөбө-коргон – 9–12-кылымга таандык шаар калдыгы. Араван суусунун сол жээгинде, азыркы Дөбө-Коргон айылынын батыш тарабындагы Мазар-Дөбө шаарчасынын Түштүк жагында жайгашкан. Дөбө-коргондун Түштүк бөлүгү жогору көтөрүлүп турат. Археологиялык казуу учурунда орто кылымдарга таандык карапа идиштер табылган. Бул эстеликти 1957-ж. археолог Ю. А. Заднепровский изилдеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1