Дөдөмөл (кырг. Дөдөмөл) — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө караштуу. Нарын дарыясынын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2080 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 45 км чыгыш тарапта, Багыш темир жол бекетинен 151 км. Калкы 1000 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, айылдык врачтык амбулатория бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры И. Нураков туулган.[1]

Отурукташкан жай
Дөдөмөл
Район Кыргызстан
Координаттар 41°27′52″ с. ш. 74°20′24″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 916 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Дөдөмөл (Кыргызстан)


Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5

Булактар

түзөтүү