Дөрбөн (моңг. дервен — төрт) — кырк чоронун бири. Чоролордун катарында дайыма саналып өтүлөт да жекече иштери сүрөттөлбөйт. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы жар тандоодо Дөңкара отуз биринчи келип Д. тагдырына буюрган Талмаарам кызга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2.150, 394, 420, 426; 3. 50, 176; 4. 25, 43).


2. Дөрбөн — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, эпосто кырк чоронун бири Төртайдын атасы деп гана эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 175).


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4