Дөңгө секирип чыгуу
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 4—8 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: дөңдү жер, дөбө.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюн өткөрүлүүчү дөбөнү тандап алышып, оюн башталгыч жана мара сызылгандан кийин, оюн башталгыч сызыкта бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча баары дөңгө секиришип чыгууга аракеттенишет. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага кеп жолу биринчи болуп келген оюнчу, жеңүүчү болот.
Оюндун башка түрү. Дөңдөн секирип түшүү.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБуйруктан мурда аракеттенүүгө, бир бирине тоскоолдук кылууга, марага жетпей аракетти токтотууга болбойт,
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда күч, ылдамдык тарбияланат, секирүүнүн, дөңгө чыгуунун ыкмаларын үйрөтөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүБул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|