Дөөлөт (ар. давля, давлят) – 1) байлык жетиштүүлүк, молдук. Дөөлөт «тагдыр», «буйрук» түшүнүктөрү менен тамырлаш. Кыргыздар: «Эр жигитке дөөлөт үч жолу келет экен»,– деп коюшат. Аны көтөргөн (баалаган, баркына жеткен) бар, көтөрө албаган бар. «Мээнет – жалпак, дөөлөт – тоголок» делет ылакапта. Мээнет (эмгек, аракет) качпайт, ал эми дөөлөт аны кармай албагандан качат; 2) мамлекет (держава, империя маанисинде); 3) философияда: аксиологиялык (баалуулуктарды кастарлоо жөнүндөгү) түшүнүк. Дөөлөт – кымбат, асыл, баалуу, барктуу нерсе. Мисалы, улуттук дөөлөт, эстетикалык дөөлөт.Дөлөттөрдүн аттары Эмир, Тимур, Бек, Ажыбек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1