Евгения коңгуроо гүлү (лат. Campanula eugeniae, Fed) - Көп жылдык чөп өсүмдүк. Дүңгөлүү, көп жана бутактуу тамыр сабагында кыска жана көп сандаган боз өркүндүү. Алар былтыркы жылдын жалбырак саптарынын катмарланган кыска калдыктары, тамыр моюнчасындагы бирин-серин жалбырактары же гүл байлоочу сабактары менен жабылган. Сабагынын бийиктиги 10-15 см, жөнөкөй, ичке, жип сымал, тамыр моюнчасындагы жалбырактарынан жана мөмө байлабаган өркүндөрүнүн жалбырактарынан бир аз ашык. Жыш жалбырактуу, бир гүлдүү, кээде эки гүлдүү. Төмөнкү жалбырактары тамыр моюнчасында, узуну (5)8-10 см келген ичке саптуу; жалбырак пластинкалары ичке ланцеттей, эки учуна тартылган, шуштугуй. Жиптей саптарынан эки эсе кыска, түксүз, ичке, бүтүн кырдуу, билинээр-билинбес тишчелүү; Сабактагы жалбырактары сызгычтай-ланцеттүү, кезектешип жайгашкан, жалбырак сапсыз. Гүлдөрүнүн узундугу 1,5 см, типтик же ийилген, жалгыздан. Чөйчөкчөсү тескери конустай, көмөкчүсү жок, түксүз, беш тишчелүү; тишчелери ичке сызгычтай, гүл коргонунан бир аз кыска, бирок түтүкчөсүнөн бир нече эсе узун. Гүл коргону көгүш, ичке коңгуроодой, өтө ири эмес үч бурчтуу айчыктарга бөлүнгөн. Мөмөсү – кутуча, тескери конустай, кыска, учуна томолок, түбү ачылуучу тешикчелери менен. Уругу көп санда.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Май-августта гүлдөп, июнң-сентябрда мөмөлөйт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Талас жана Фергана тоо кыркалары.

Өсүү шарттары түзөтүү

Мрамордуу аскалардын жаракаларындагы, субалңпы жана тоолордун ортоңку алкактарындагы беттери.

Саны түзөтүү

Өтө чектелген санда.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Территорияларды чарбачылык жактан өздөштүрүү.

Өстүрүү түзөтүү

Маалыматтар жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Атайын коргоо аракеттери иштелип чыккан эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдүн популяциясын тактап, толугунан коргоого алып, корукка алынуучу жерлерди аныктоо.

Статусу түзөтүү

VU . Батыш Тянңшандын эндеми (Талас жана Фергана тоо кыркалары). Декоративдүү кооз гүлдөгөн өсүмдүк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү