Евровалюта рыногу - 1) өлкөнүн чегинен тышкары – эмитенттердин валюталарында (евровалюта деп аталуучу) ишке ашырылуучу накта акчасыз депозиттик-ссудалык операциялардын топтому; 2) кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү кредиттердин эл аралык рыногу. Евровалюта рыногу 20-кылымдын 50-жылдарынын аягында – 60-жылдардын башында евродоллар рыногу катары пайда болгон. Ал ЛондондоФранкфурт-на-МайнедеЛюксембургда, Батыш Европанын негизги финансы борборлорунда жайгашкан ири жана орто коммерциялык банктардын тобунан (500дөн ашуун) турган. Евродоллар рыногу 60-жылдардын аягында Европадан тышкары (Багам жана Кайман аралына‚ Японияга‚ Cингапурга‚ Канадага‚ Бахрейнге) тараган. Кийинчерээк ГФРдин маркасында‚ Швейцариянын франкында‚ Англиянын фунт стерлингинде‚ Япониянын иенинде жана ЭКЮда ишке ашырыла баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1