Европанын адам укуктары жөнүндөгү келишими

Европанын адам укуктары жөнүндөгү келишими - Бул келишимге 1950-жылдын ноябрь айында кол коюлуп, ал 1953-жылдын сентябрь айында күчүнө кирген. Ал эки өлкөдөн бөлөк Европа Кеңешинин бардык мүчөлөрү тарабынан рацификацияланган жана бул мүчө өлкөлөрдү бири-бири менен байланыштырып турган көпүрө болуп эсептелет. Кийинчерээк бул келишимге тиркеме катары 5 протокол түзүлгөн. Бул келишим демократиялык системадагы шериктештердин негизи катары кабыл алынган жана ошол эле убакта кандайдыр бир мамлекеттеги демократиялык уюмдарды коруу жана өнүктүрүүгө багытталган укуктарды коргоого алат. Ошондой эле бул келишим тек гана маданий жана саясий укуктарды коргоого жана тартипке келтирүүгө арналган. Ал эми экономикалык жана социалдык укуктар 1961-жылы 18-сентябрда кол коюлуп, 1965- жылы 26-февралда күчүнө кирген Европа социалдык мыйзамы тарабынан көзөмөлдөнөт.

Европанын адам укуктары жөнүндөгү келишиминде камтылган бардык укуктар келишимге кол койгон бардык мамлекеттер тарабынан кепилдикке алынган. Бул укуктар: жашоо укугу, ар бир адамдын эркиндик жана коопсуздук укугу, калыстык доктринасына таянып, чындыкты талап кылуу укугу (бул келишимге байланыштуу түзүлгөн органдардан эң көп талап кылынган укук), индивиддин жана анын үй-бүлөсүнүн жашоо- турмушуна, үй-жайына жана маалымат алуусуна сый-урмат менен мамиле кылууну талап кылган укук, ойлонуу жана ишеним эркиндигине ээ болуу укугу, сөз жана ой-пикир эркиндигине ээ болуу укугу, профсоюз куруу укугун да камтыган фонд куруу жана жыйын өткөрүү укугу, жогорудагы келишимде көрсөтүлгөн бардык укук жана эркиндиктери бузулган индивид бул бузулуулар жогорудагы укуктарды коргоо максатында аракет эткен расмий кызматкер тарабынан болгон болсо да өз укук жана эркиндиктерин коруу үчүн ар кандай расмий мекемеге кайрылуу укугу, жеке мүлктүк укук, окуу жана билим алуу укугу (бул укук төмөнкүчө түшүндүрүлөт: эч ким билим алуу укугунан ажыратылбайт.

мамлекет окутуу жана билим берүү жаатында ата-энелердин динине жана философиялык ой жүгүртүүсүнө моюн сунуу менен бирге балдарына билим-берүү кызматын жүзөгө ашырат). Келишимдеги мындан башка маанилүү өкүмдөр: мамлекеттин ыңгайлуу шарттарда эркин шайлоо өткөрүү ишин мойнуна алуусу, кыйноо, эзүү, адамды бөлүү же болбосо адамдын намысына тийген жаза колдонууга жана мамиле кылууга тыюу салуу, кулчулук же зордоп иштетүүгө тыюу салуу, адамдын абийирин шылдыңдаган жаза жобосун чыгарууга жана сыноого тыюу салуу, келишимде белгиленген укук жана эркиндиктерди колдонууда кандайдыр бир себептерден улам адамдарга бөлүп мамиле түзүүгө тыюу. Бул укук менен эркиндиктердин көпчүлүгүнө коомдун ички структурасына жана коопсуздугуна, башка адамдын укук жана эркиндигинин корголуусуна карай чек коюлушу мүмкүн. Бирок бул чектөөлөр кылдаттык менен иштелип чыгарылганда жана керектүү мыйзамдар менен бекитилгенде, айрыкча демократиялык түзүлүшкө керектүү чектөөлөр болгондо гана кабыл алынат. Бул келишимдин эң негизги өзгөчөлүгү - индивиддин негизги укуктарын эл аралык деңгээлде ырастоосу. Санкция колдонулбастан түзүлгөн эч кандай укуктун баалуу болбогондугуна ишенген бул келишимдин авторлору негизги адам укуктары менен эркиндиктерин эл аралык аренада кепилдикке алуу үчүн укуктук механизм курушкан.

Келишимде белгиленген укук менен эркиндиктердин иш жүзүндө колдонулушун кепилдикке алуу үчүн эки орган курулган. Алар - Европа Адам Укуктары комиссиясы жана Европа Адам Укуктары соту. Бул органдар Европа Кеңешинин Министрлер Комитети менен бирдикте иш алып барат. Келишимдин 19-беренеси боюнча, Европа Адам Укуктары комиссиясынын жана сотунун функциялары: «Жогорку Доктринага кол койгон тараптардын милдеттендирилген темаларга моюн сунуусун камсыз кылуу», «комиссия доктрина тарапкерлеринин санына жараша алардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн. Азырынча доктринанын эки тарапкери келишимди тастыктабагандыгы үчүн комиссияда 16 өкүл иштөөдө.

Комиссия мүчөлөрү Кеңешме Мажлисинин министрлер жыйыны тарабынан уюштурулган, Жогорку Доктрина тарапкерлерин кеңешме палатасындагы өкүлдөр тарабынан сунушталган жана Министрлер комитетинин добушу менен шайланган адамдар. Шайлануу мөөнөтү 6 жылга белгиленет жана мүчөлөрдүн Комиссиядагы орду түздөн түз анын жекече жөндөмлүүлүгүнө байланыштуу. Бул абал мүчөлөрдүн бир тараптан шайлоочуларга, экинчи тараптан да өзүнүн мамлекеттине болгон көз карандысыздыгын толугу менен кепилдикке алат. Айрыкча келишимде жана ага тиркеме протоколдо көрсөтүлбөгөн 4 укук жана эркиндик 4-сандагы протоколго киргизилген. Бул укук менен эркиндиктер: индивиддин карызын төлөй албагандыгына байланыштуу камалбоо укугу, индивиддин саякат жасоого жана каалаган жерде жашоого укугу, өзү жашаган мамлекеттен кубалабоого жана мамлекетине каалаган учурда кайтуу укугу, чет өлкө жарандарын мамлекеттен куулбоого жана мамлекетине каалаган учурда кайтуу укугу, чет өлкө жарандарын мамлекеттен кубалоого тыюу салуу.

Бул келишимге канааттанбаган арыз жана талаптар белгилүү формада жазылып, мамлекеттер же мамлекеттик өкүлдөр тарабынан Европа Адам Укуктары Комиссиясына өткөрүлөт. Бирок бул темага байланыштуу Европа Адам Укуктары жөнүндө Сот органы иш алып барат жана ал Европа Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн санына жараша алардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Учурда Сот органынын 18 соту бар.Сотко кандидитурасын койгондордун тизмеси тарабынан мүчө өлкөлөр сунуш кылынат жана Европа Кеңеши Кеңешме Мажилиси тарабынан такталып алынат. Соттор 9 жылга шайланышат. Сот органынын борбору Комиссиянын борбору жайгашкан Страсбург шаарында. Сот органы кандайдыр бир дооматка өз алдынча кирише албайт. Себеби бул укук алдын ала доктрина тараптарлары тарабынан билдирилиши керек. Бүгүнкү күнгө чейин тараптардын бир бөлүгү Сот органынын соттоо укугу бар экендигин таанышкан. Алар: Австралия, Бельгия, Дания, ФРГ, Голландия, Исландия, Ирландия, Швеция, Люксембург, Норвегия жана Англия. Калган тараптар Сот органынын соттоого болгон укугун кандайдыр бир дооматтын мүнөзүнө жараша таануусу мүмкүн. Келишимдин 48-беренеси боюнча, кандайдыр бир дооматты Сот органына комиссия же болбосо доктрина тараптарлары алып келүүсү керек. 44-беренеде болсо бул эки органдын бирөөсү гана доомат алып келүүгө укуктуу экендиги белгиленген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9