Европа Көмүр жана Болот Иштетүү Коому (C.E.C.A)

Европа Көмүр жана Болот Иштетүү Коому (C.E.C.A) - 1952-жылы Франция, Германия, Италия, Бельгия, Польша жана Люксембург мамлекеттеринин арасында түзүлгөн уюм.

Ал мүчө өлкөлөрдүн көмүр жана болот иштетүү тармагындагы саясатын жөнгө салуу жана бул өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты камсыз кылуу менен алектенет. Бул экономикалык жана техникалык маанайдагы уюм.

Француз тилиндеги «Communaute Europeenne du Charbon et I’Acier» деген сөздөрдүн баш тамгаларынан куралган жана дүйнөдө С.Е.С.А. деген ат менен белгилүү. Кээ бир учурларда бул уюм аны негиздеген Франция Тышкы иштер министринин аты менен «Шуман планы» деп да аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9