Европа шериктештиги
Европа шериктештиги – сыртынан өзалдынча көрүнгөнү менен, иш жүзүндө өзара тыкыс байланыштагы аймактык экономикалык уюмдардан турган 3 бирикме: 1951-жылы түзүлгөн Европалык ташкөмүр жана болот бирикмеси (ЕТББ), Европалык атом кубаты боюнча шериктештик (ЕВРАТОМ) жана 1957-жылы түзүлгөн Европа экономикалык шериктештиги (ЕЭШ). Ушул тапта Е. ш. тутумунда дагын да башка көптөгөн европалык биргелешүү институттары турат. Жалпы коргоонуу жана валюта-каржы тутуму кирген саясий бирликти түзүү жөнүндөгү 1992-жылдагы Маастрихт макулдашуусуна (1993-жылы күчүнө кирген) байланыштуу, Е.ш. ЕБ деп атала баштады.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|