Египет жазуусу – дүйнөдөгү эң байыркы жазуу системаларынын бири. Ал иероглиф, иератика жана демотика жазууларына бөлүнөт. Булардын негизгиси жана байыркысы – иероглиф. Адам, айбанат, өсүмдүк, имарат жана башка сүрөттөрүнүн негизинде түзүлгөн. Иероглифтер үнсүз тыбыштарды, ошондой эле 2–3 үнсүз тыбыштын айкалышын билдирген (үндүүлөр белгиленген эмес) фонограммалардан жана өзүнчө сөз же түшүнүктү туюндурган идеограммалардан турат. Мындагы тексттердин байыркылары биздин заманга чейин 3–2-кылымга, кийинкилери биздин замандын 3-кылымына таандык. Иероглиф жазуусунан көп кылымдар бою папируска түрдүү маанидеги тексттерди жазууда колдонулган курсив жазуусу – иератика чыккан. Биздин заманга чейин 8–7-кылымда жаңы курсив – демотика пайда болгон. Демотика иератикадан курсивдүү келип, лигатурасынын (бир эле тамганын бир нече тыбышты туюнтушу) көп болгондугу менен айырмаланган. Акыркы демотикалык тексттер биздин замандын 5-кылымына таандык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1